кагын1
- Суук тийүүдөн пайда болгон өпкө оорусу, өпкөнүн сезгенип калышы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каары келип камыгып, / Карчыгадай кагынып, / Жаалысы чыгып жүзүнөн, / Жалынын чыгып көзүнөн, / Жайдары тууган Бактыбай, / Кара болот Жойкума, / Кармай алды сабынан, / Сууруп алды кабынан, / Билегин чыңдап чыйратып, / Бет келген жагын талкалап, / Аралап кирди Бактыбай, / Күчү кетип талыкпай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Туурда куштай кагынып, / Туралбай Сарык чамынып, / Ок өтпөскө жасалган, / Олпок тонун жамынып, / Хан Бакайдан бата алып, / Ак калпак кыргыз алаштан, / Алымсарык аттанып, / Тоо экен …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кабылан Сейит камынып, / Карчыгадай кагынып, / Кыргыектей кылт этип, / Нурланып жүзү жылт этип, / Сүйлөдү сөздү шыңк этип: / — Болжолдуу көрдүм күнүңдү, / Сурадың менин түбүмдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Атай көтөк ит уксун, / Кабыргада бит уксун, / Кайта басты кагынып, / Буулумдан кылган чоң ичик, / Буластата жамынып, / Акундун кызы айчүрөк, / Уйалгандан өлбөдү, / Өлүп жерге кирбеди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Бендеден карып мен болдум, / Канаттуу карып сен болдуң, / Касташып жүрүп бут сынды, / Сен кагынам деп не болдуң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →