ирик2
- Ар кандай ыплас, булганч нерсе, акыр-чикир.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Караханга жардам деп, / Аз болсо да алгын, деп, / Аруу шайы сунган бар, / Ак бууржунун жетелеп, / Ириктерин шатектеп, / Мүйүздөн кармап турган бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күмүшбулак, түз керүү, / Биздин малга барыңар, / Туу бээден ылгап жетимиш, / Асый төөдөн жетини, / Инек уйдан кыркты, / Койдон тандап миң ирик, / Айдап жолго салыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Күдүңдөшүп турганда, / Коноктун камын кылдырды, / Эр Үмүтөй камына, / Семизин тандап ириктин, / Жалгыз Кызыл дөө үчүн, / Сексен койду сойдурду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Акыркы барганымда үч жүз ирикти короого камап, санап соконун дөңгөлөгүнөн жасаган кичине арабасын жабдып, жолго чыга тургандай камынып жатышкан экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Күндөрдүн биринде чал базарга сатамын деп, бир короо ириктерин айдап, шаарга барат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →