ирик1

китептерде 13 жолу, 7 китепте ирик 2 →
  1. Биттелген үч жашар же андан жогорку жаштагы кой.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Караханга жардам деп, / Аз болсо да алгын, деп, / Аруу шайы сунган бар, / Ак бууржунун жетелеп, / Ириктерин шатектеп, / Мүйүздөн кармап турган бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күмүшбулак, түз керүү, / Биздин малга барыңар, / Туу бээден ылгап жетимиш, / Асый төөдөн жетини, / Инек уйдан кыркты, / Койдон тандап миң ирик, / Айдап жолго салыңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Күдүңдөшүп турганда, / Коноктун камын кылдырды, / Эр Үмүтөй камына, / Семизин тандап ириктин, / Жалгыз Кызыл дөө үчүн, / Сексен койду сойдурду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Акыркы барганымда үч жүз ирикти короого камап, санап соконун дөңгөлөгүнөн жасаган кичине арабасын жабдып, жолго чыга тургандай камынып жатышкан экен. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Күндөрдүн биринде чал базарга сатамын деп, бир короо ириктерин айдап, шаарга барат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →