жүйө1
- Бир нерсенин, сөздүн белгилүү учурдагы ылайыгы, тууралыгы, негизи бар жөнү, ылайыктуу, себептүү негизи.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Элдин чети бузулса, / Кызыл чокко экөөбүз, / Элден мурун күйөбүз, / Ошончолук жүйө айтып, / Жүрүп кетти хан Калдык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жоо келсе жолдон качпайлы, / Жүйөөсүз сүйлөп азбайлы, / Алайып бизге келбесе, / Ат бастырып барбайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Алмаңды жеңип жүйөдөн, / Агеркеч турат мейитип, / Улантты сөзүн ал жана, / Сары майдай эритип: / — Меке деп, баатыр, дарбыбаң, / Тайана турган жерди айтам, / Талкаласаң былк этпес, / Талабы бийик эрди айтам, / Тартынбай тийген жоосуна, / Талыкпаган белди айтам, / Таалайы чоң, эрки өткөн, / Так өзүңдөй шерди айтам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Не кылгамын мен сага, / Жүйөөлүү кебиң айтканың!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ойротту көрүп Сомбилек, / Опсуз катуу сүйлөнөт, / Орундуу айтып жүйөсүн, / Оолугуп баатыр жемелеп: / — Сен кеткели бир жылдан, / Ашып кетти ээ Ойрот?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →