жүйө2

китептерде 16 жолу, 8 китепте жүйө 1 →
  1. диал. Жүзө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Элдин чети бузулса, / Кызыл чокко экөөбүз, / Элден мурун күйөбүз, / Ошончолук жүйө айтып, / Жүрүп кетти хан Калдык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жоо келсе жолдон качпайлы, / Жүйөөсүз сүйлөп азбайлы, / Алайып бизге келбесе, / Ат бастырып барбайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Алмаңды жеңип жүйөдөн, / Агеркеч турат мейитип, / Улантты сөзүн ал жана, / Сары майдай эритип: / — Меке деп, баатыр, дарбыбаң, / Тайана турган жерди айтам, / Талкаласаң былк этпес, / Талабы бийик эрди айтам, / Тартынбай тийген жоосуна, / Талыкпаган белди айтам, / Таалайы чоң, эрки өткөн, / Так өзүңдөй шерди айтам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Не кылгамын мен сага, / Жүйөөлүү кебиң айтканың! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ойротту көрүп Сомбилек, / Опсуз катуу сүйлөнөт, / Орундуу айтып жүйөсүн, / Оолугуп баатыр жемелеп: / — Сен кеткели бир жылдан, / Ашып кетти ээ Ойрот? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →