жыл1

китептерде 618 жолу, 10 китепте жыл 2 →
  1. Жердин Күндү бир айланып чыгыш мезгили, 1-январдан баштап эсептелген он эки айлык убакыт өлчөмү.
  2. Белгилүү бир күндөн баштап, жыл маалы болгонго чейинки он эки айга барабар убакыт.
  3. Кандайдыр мезгилдүү жумуш маалын, окуунун ж.б. башталып аякталган мезгилин көрсөткөн убакыт өлчөмү.
  4. Кыргыздын элдик календары боюнча он эки айбандын атына коюлган төмөнкүдөй жыл сүрүү эсеби: 1) чычкан, 2) уй, 3) барс, 4) коён, 5) улуу (балык), 6) жылан, 7) жылкы, 8) кой, 9) мечин, 10) тоок, 11) ит, 12) доңуз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ушул бүгүн Бекбача, / Алтымыш бирде мүчөлү, / Агам Асыл өлгөнү, / Отуз алты жыл болду, / Бир күн тыным албады, / Атактуу Манас айкөл шер, / Мен барган жерге барбады, / Тирүүлүктө Бекбача, / Калганы жок арманы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кең деңиздей жомокту, / Кемечен кечтим, арыдым, / Кара чачым агарып, / Жетимиш ашып карыдым, / Улуу дастан “Манасты”, / Отуз жыл айттым узартып, / Жаагым качан талыдым? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
Үч жыл кысыр турчу эле, / Алтайдын Айдыңкөлүнө / Мындан качып барчу эле, / Кардына бала бүткөндө / Кайра келип алчу эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Болжоп жүрдүм Таласта, / Айдай жеңем Айчүрөк, / Сени үч жыл көтөрдү, / Арамкор Кыйаз шек санап, / Электен далай өткөрдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бир жыл өткөндөн кийин абышка сыйкырчы чалга келип: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →