жыл2
- Багыт алып акырын козголуп жөнөө, акырын кыймылга келүү, жылжыган абалда болуу.
- Тымызын, көзгө чалдыкпаган аракетте болуу, билинбей, байкалбай жөнөп кетүү, астыртан билгизбей аракет кылуу.
- Ордунан козголуп, сыйлыгышып жылбышып кетүү.
- Илгерилөө, аз-аз жылыш, өзгөрүш бар экендиги билинүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ушул бүгүн Бекбача, / Алтымыш бирде мүчөлү, / Агам Асыл өлгөнү, / Отуз алты жыл болду, / Бир күн тыным албады, / Атактуу Манас айкөл шер, / Мен барган жерге барбады, / Тирүүлүктө Бекбача, / Калганы жок арманы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кең деңиздей жомокту, / Кемечен кечтим, арыдым, / Кара чачым агарып, / Жетимиш ашып карыдым, / Улуу дастан “Манасты”, / Отуз жыл айттым узартып, / Жаагым качан талыдым?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
Үч жыл кысыр турчу эле, / Алтайдын Айдыңкөлүнө / Мындан качып барчу эле, / Кардына бала бүткөндө / Кайра келип алчу эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Болжоп жүрдүм Таласта, / Айдай жеңем Айчүрөк, / Сени үч жыл көтөрдү, / Арамкор Кыйаз шек санап, / Электен далай өткөрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бир жыл өткөндөн кийин абышка сыйкырчы чалга келип:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →