жут2
- Ооздогу тамакты, суютукту, тоютту ж.б. алкым булчуңдарынын кыймылы менен кызыл өңгөч аркылуу ич жакты көздөй өткөрүү, ичүү.
- сүйл. Ичкилик ичип алуу.
- Сиңирүү, соруп алуу.
- Жок кылуу, өлтүрүү, кыйратуу, түбүнө жетүү, жоготуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жутуп ийчү немедей, / Эки көзү чакчайып, / Албаган сакал-муруту, / Кокодой болуп бак жайып, / Айтып турду Медеркан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Айкөл чыгып калды эле, / Манастын аты чыкканда, / Балаадан Баймат кутулуп, / Алгыр куштай жутулуп, / Кыйкырып Баймат барыптыр, / Кызык болуп калыптыр: / — Баатыр сени унутуп, / Байкабай балаа бастым, — деп, / Манжудан келген кулуңдан, / Күнөөсүз өлө жаздым,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сүйрөп келди беш күптү, / (Жыкбы, бөксө, билбейим) / Бешөөнү башка беш жутту, / Канбады окшойт суусуну, / Тоңкойуп жатып суу жутту, / Айак жагын агындын, / Так какшатып кургатты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Көзү көлдүн буткулдай, / Көрүнгөндү жуткудай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Соолгон көлдүн ордунда калган балык өгүздү шак жутуп алды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →