жук1
- Тамак-аштын, коюураак келген ар кандай суюктуктун ж.б. идиштин бетинде, ордунда калган калдыгы.
- Мал-мүлктүн, байлыктын колдо калган көрөңгөсү, бир аз бөлүгү, калдыгы, үлүшү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Карыдан кабар укпайбы, / Ачакан менен Дабытай, / Укса дагы жукпайбы, / Эки хан эстен азыптыр, / Эмгектүү жолду басыптыр, / Ажал алып жакадан, / Хан талашып шашыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Уламадан уккан кеп, / Улам бирге жуккан кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айткан акыл жукпады, / Кулагы туруп укпады, / Тапшырып бер алпарып, / Жашыл жээктин калкына.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сүйлөсө оозго кеп жукпай, / Ок эле кыйын шок болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Үстүбүзгө жуккан апийим, чимкиригин үнөмү жеңине сүртүп жүргөн жаш баланыкындай болуп, какачтанып катып калган.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →