жук2

китептерде 32 жолу, 10 китепте жук 1 →
  1. Бир нерсеге жабышып калуу, илээшип же жармашып калуу, калдыгы калуу, сүртүлгөн изи калуу.
  2. Кийимине жуккан кум менен чаңды күбүштү (Сыдыкбеков).
  3. Оору башка бирөөгө таркоо, бирөөнөн бирөөгө өтүү.
  4. Ооздоноозго, бирөөнөн бирөөгө өтүү, таралуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Карыдан кабар укпайбы, / Ачакан менен Дабытай, / Укса дагы жукпайбы, / Эки хан эстен азыптыр, / Эмгектүү жолду басыптыр, / Ажал алып жакадан, / Хан талашып шашыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Уламадан уккан кеп, / Улам бирге жуккан кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айткан акыл жукпады, / Кулагы туруп укпады, / Тапшырып бер алпарып, / Жашыл жээктин калкына. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Сүйлөсө оозго кеп жукпай, / Ок эле кыйын шок болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Үстүбүзгө жуккан апийим, чимкиригин үнөмү жеңине сүртүп жүргөн жаш баланыкындай болуп, какачтанып катып калган. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →