жору2

китептерде 82 жолу, 9 китепте жору 1 →
  1. Көргөн түштүн маанисин чечмелеп, багыт берип түшүндүрүү, чындыкта мына мындай болуш керек деп болжолун айтуу.
  2. Болжолдоп баамдоо, жоромолдоп ой жүгүртүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…андарга, / Тайарлангын баарың деп, / Таам тартып Калдык хан, / Барып демиң алгын деп, / Өзү жатпай Калдык хан, / Барабанын кактырып, / Сурнайларын тарттырып, / Жоругун журттан арттырып, / Күзөт кылып аскерди, / Өзү айланып бастырып, / Испан менен оогандан, / Качабы деп шек кылып, / Көбүнчөсү Каракөз, / Эл бузат деп кек кылып, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ырысканга жеткирбей, / Жолдо колун байлады, / Жору жесин этин, деп, / Жолдо муну жайлады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Үстүңкү ээрдин калбайтып, / Көк-асманды шыпырып, / Алдыңкы ээрдин далбайтып, / Кара жерди шыпырып, / Мактанышат чанданы, / Сендей бойу беш келет, / Жору куйрук кызыл алп, / Кутулуп кете албады, / Ашкере тийип жардамы, / Атам Манас арбагы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ыгы журтка дүң болгон, / Көңүлү калып казактан, / Козголуп чыгып бер жакка, / Келет окшойт сиз жакка, / Көргөн түшүң төп болсун, / Тууруңа сыймык бак консун, / Жорудум сенин түшүңдү, / Азырети Жусуптун, / Арбагы колдоп кут болсун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Ишенбеймин «андай болбосо керек» деп өзүмчө жакшылыкка жоруймун. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →