жору1
- Тарп менен азыктануучу ири жырткыч куш.
- өт. Өлүм-житимди, кыргынды, жамандыкты көксөөчүнүн эпитети катарында колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…андарга, / Тайарлангын баарың деп, / Таам тартып Калдык хан, / Барып демиң алгын деп, / Өзү жатпай Калдык хан, / Барабанын кактырып, / Сурнайларын тарттырып, / Жоругун журттан арттырып, / Күзөт кылып аскерди, / Өзү айланып бастырып, / Испан менен оогандан, / Качабы деп шек кылып, / Көбүнчөсү Каракөз, / Эл бузат деп кек кылып,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ырысканга жеткирбей, / Жолдо колун байлады, / Жору жесин этин, деп, / Жолдо муну жайлады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Үстүңкү ээрдин калбайтып, / Көк-асманды шыпырып, / Алдыңкы ээрдин далбайтып, / Кара жерди шыпырып, / Мактанышат чанданы, / Сендей бойу беш келет, / Жору куйрук кызыл алп, / Кутулуп кете албады, / Ашкере тийип жардамы, / Атам Манас арбагы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ыгы журтка дүң болгон, / Көңүлү калып казактан, / Козголуп чыгып бер жакка, / Келет окшойт сиз жакка, / Көргөн түшүң төп болсун, / Тууруңа сыймык бак консун, / Жорудум сенин түшүңдү, / Азырети Жусуптун, / Арбагы колдоп кут болсун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Ишенбеймин «андай болбосо керек» деп өзүмчө жакшылыкка жоруймун.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →