жой3

китептерде 71 жолу, 9 китепте жой 2 →
  1. Жок кылуу, кыйратуу, талкалоо Жоболоңдуу жоолорун, Жойгон элди карачы (Токтогул).
  2. Кандайдыр бир терс көрүнүштөн, кемчиликтен ж.б. арылуу, кутулуу.
  3. Мокоду, ташыркады.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Медеркан айтты бар кебин, / Көңүлүмдөн Кир жуудум, / Адагы алаш уулу эле, / Аны үчүн жойуп таштадым, / Көңүлүмдө бар муну. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…н кылып, / Сапыралы кыргызды, / Аралап кирип алашты, / Талкалайлы күмбөзүн, / Атагы чыккан Манасты, / Астын-үстүн кылалы, / Манастын жери Таласты, / Талас атын жойолу, / Калмак жердеп турганда, / Көтөлөк деген жер экен, / Өзүнүн атын койолу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ойротто жок эр Чубак, / Опол тоодой кайкалап, / Жой болот кылыч-зулпукар, / Сууруп кындан алыптыр, / Суудай канын агызып, / Шумдуктуу уруш салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бара-бара ошолор, / Салар атты жойуптур, / Сала атка конуптур, / Чойтолоң менен Тазкара, / Айрылгыс жолдош болуптур, / Аны-муну кылганча, / Ачып көздү жумганча, / Кырк күндүк мөөнөт толуптур, / Эр Сейит менен Тапан хан, / Беттешер маалы болуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Күнү-түнү Карадөө, / Кастарын тоого тиккенде, / Жолум үйдөй чойун баш, / Жойулуп түгөп жок кылды, / Бурма темир саптары, / Мүлжүнүп жүрүп аз калды, / Алаканы чой болуп, / Колунун аккан кандары, / Сагызган менен кузгунга, / Эркин берген той … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →