жой2
- Амал, айла, ыкым, куулук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Медеркан айтты бар кебин, / Көңүлүмдөн Кир жуудум, / Адагы алаш уулу эле, / Аны үчүн жойуп таштадым, / Көңүлүмдө бар муну.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…н кылып, / Сапыралы кыргызды, / Аралап кирип алашты, / Талкалайлы күмбөзүн, / Атагы чыккан Манасты, / Астын-үстүн кылалы, / Манастын жери Таласты, / Талас атын жойолу, / Калмак жердеп турганда, / Көтөлөк деген жер экен, / Өзүнүн атын койолу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ойротто жок эр Чубак, / Опол тоодой кайкалап, / Жой болот кылыч-зулпукар, / Сууруп кындан алыптыр, / Суудай канын агызып, / Шумдуктуу уруш салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бара-бара ошолор, / Салар атты жойуптур, / Сала атка конуптур, / Чойтолоң менен Тазкара, / Айрылгыс жолдош болуптур, / Аны-муну кылганча, / Ачып көздү жумганча, / Кырк күндүк мөөнөт толуптур, / Эр Сейит менен Тапан хан, / Беттешер маалы болуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Күнү-түнү Карадөө, / Кастарын тоого тиккенде, / Жолум үйдөй чойун баш, / Жойулуп түгөп жок кылды, / Бурма темир саптары, / Мүлжүнүп жүрүп аз калды, / Алаканы чой болуп, / Колунун аккан кандары, / Сагызган менен кузгунга, / Эркин берген той …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →