жең1
- Кийимдин колго кийилүүчү бөлүгү.
- Сейит чапанынын бир жеңин чечип жиберип, чөгөлөп калды (Сасыкбаев).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Кылычтын мизи айрылып, / Чарайналар чатырап, / Калкандын мыгы быдырап, / Чынжырлары үзүлүп, / Соотору жыртылып, / Соот тургай ичинде, / Буулумдары кырчылып, / Жең айрылып бурчулуп, / Жан алчу уруш башталып, / Күүгүм кирди күн батып, / Эл-элине кетишти, / Эми булар нетишти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Батыш менен чыгыштан, / Чыйракты такыр жеңдим деп, / Ойуңда келген экенсиң, / Мени ошондой экен деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Желбегей чапан жабынып, / Эки жеңи салынып, / Эр Манастын үйүнө, / Басып кирди далыйып, / Кыраандын баары ошондо, / Кырка отурган кырк чоро, / Эшиктен бийи киргенде, / Бары турду дүрбөшүп, / Улу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бута атым чыгып абакең, / Бурулбай бара жатканда, / Эки жеңи салбактап, / Эки буту тартактап, / Буурул аттын чылбырын, / Бура кармап турду эми, / Эр Карадөө далдактап, / Чылбырдан кармап тыртактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Үстүндө жеңи кырылган кызыл чапаны бар.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →