желе1

китептерде 44 жолу, 10 китепте желе 2 →
  1. Эки башы эки казыкка керилип, көбүнчө саала турган бээлердин кулундарын тизип байлай турган аркан.
  2. Убактылуу мал байлоо максатында керип тартылган аркан.
  3. Жөргөмүштөн бөлүнүп чыгарылган жабышкак суюктуктан пайда болгон жипчелер аркылуу тордолгон торчо.
  4. Кырка тизилген тизмек, катар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Желелешип бээ байлап, / Казанда аппак май кайнап, / Сары кант, куурдак, бал каймак, / Канчалаган даамдары, / Дасторкондо түр жайнап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ка душман баскынча, / Өлгөнүм жакшы менин, деп, / Өлүмдөн туура шек кылбайт, - / Көрбөсөм өмүр мейли, деп, / Төшөктө чалдар туйлабай, / Беймаал бала ыйлабай, / Желеде жылкы жуушабай, / Кемпирдин болбой көөнү жай, / Кымыз ичип, тай сойуп, / Кызыкта жүрбөй уландар, / Кызмат кылдым элге, деп, / Кыйынсып жүрүш бул кандай? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Келген кебин салыптыр: / — Белсазды ашып кыркууга, / Кийик уулап барганбыз, / Көкойдуңдун Кырчынга, / Бир үйлүү калмак калыптыр, / Калбаптыр бирөө ырымга, / Желеде кулун байлалуу, / Көгөндө козу байлалуу, / Торпоктор турат мөөрөшүп, / Инектер турат каңгырап, / Өкүрүшүп заңгырап, / Койлору турат маарашып, / Эчкилерден сүт … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Ошентсе да көп коё-бу, бир кезде Байболотту жабылып кууп жетип, желенин жанына алып келип басты эле, бир уй үркүп кетип, мурунтугун үзүп алды... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Сеники ырас, – деди да, ач Карышкыр желе-жорто өзөнгө келди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →