желе2
- Жемиштин суусунан жасалган килкилдек таттуу тамак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Желелешип бээ байлап, / Казанда аппак май кайнап, / Сары кант, куурдак, бал каймак, / Канчалаган даамдары, / Дасторкондо түр жайнап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ка душман баскынча, / Өлгөнүм жакшы менин, деп, / Өлүмдөн туура шек кылбайт, - / Көрбөсөм өмүр мейли, деп, / Төшөктө чалдар туйлабай, / Беймаал бала ыйлабай, / Желеде жылкы жуушабай, / Кемпирдин болбой көөнү жай, / Кымыз ичип, тай сойуп, / Кызыкта жүрбөй уландар, / Кызмат кылдым элге, деп, / Кыйынсып жүрүш бул кандай?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Келген кебин салыптыр: / — Белсазды ашып кыркууга, / Кийик уулап барганбыз, / Көкойдуңдун Кырчынга, / Бир үйлүү калмак калыптыр, / Калбаптыр бирөө ырымга, / Желеде кулун байлалуу, / Көгөндө козу байлалуу, / Торпоктор турат мөөрөшүп, / Инектер турат каңгырап, / Өкүрүшүп заңгырап, / Койлору турат маарашып, / Эчкилерден сүт …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Ошентсе да көп коё-бу, бир кезде Байболотту жабылып кууп жетип, желенин жанына алып келип басты эле, бир уй үркүп кетип, мурунтугун үзүп алды...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Сеники ырас, – деди да, ач Карышкыр желе-жорто өзөнгө келди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →