жаш3
- Өсүп келе жаткан өспүрүм, кары эмес.
- Чоңоё элек, кичинекей, өсүп жетиле элек.
- Жетиле элек, күчүнө келе элек.
- Жаңы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…а, / Азыраак анда азгашты, / Хан Семетей, Сейтек, / Эр Кененим, Сейитим, / Кыргыз үчүн тер чачты, / Маңдайдан терин агызды, / Ченебей кылып намысты, / Асылбача жаш кетти, / Артында бала калбады, / Балалуу болмок турмайлык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Этегим жаап ката элек, / Серек, Сыргак жаш балдар, / Эшикке чыгып сийе элек, / Арнап миниш ат тургай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Анда Бакай кеп айтат: / — Эрежеде экиге / Сурак жок, балдар, билгиле, / Жаш бала менен жиндиге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Жаш балдарды кылычтын мизинде, найзанын учунда ойнотот.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Мен жашымдан жетим калган элем.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →