жаш2

китептерде 1121 жолу, 10 китепте жаш 1 →жаш 3 →
  1. Адамдын өмүрүн бир жыл боюнча эсептөө ченеми, бир жыл мөөнөтүндөгү өмүр чени.
  2. Жашоо мезгили, өмүр, көрө турган күн. Жети күндүк жашым бар (фольк.).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…а, / Азыраак анда азгашты, / Хан Семетей, Сейтек, / Эр Кененим, Сейитим, / Кыргыз үчүн тер чачты, / Маңдайдан терин агызды, / Ченебей кылып намысты, / Асылбача жаш кетти, / Артында бала калбады, / Балалуу болмок турмайлык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Этегим жаап ката элек, / Серек, Сыргак жаш балдар, / Эшикке чыгып сийе элек, / Арнап миниш ат тургай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Анда Бакай кеп айтат: / — Эрежеде экиге / Сурак жок, балдар, билгиле, / Жаш бала менен жиндиге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жаш балдарды кылычтын мизинде, найзанын учунда ойнотот. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Мен жашымдан жетим калган элем. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →