жат2

китептерде 4606 жолу, 10 китепте жат 1 →жат 3 →
  1. Көңүлдө, эсте толук сакталган, унутулгандай абалда эмес, унутулбаган, ойдон кеткис.
  2. Жатталган, жаттап эске туткан, эч нерсеге карабай шыр айткан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

түнөп ал түнү, / Ары-бери толгонуп, / Таң атырды көз жумбай, / Таңга жакын болгондо, / Кеп сурады Акмаңдай: / — Тегеренип Таласты, / Коргонду душман камаса, / Жатаар элең козголбой, / Таң агарды бүгүн түн, / Үшкүрүнүп көз жумбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сурады каалап сур тайды, / Албады андан башкамды, / Сурап жатып тайды алып, / Эмеле Жакып аттанды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…Таманын тилип тепчилип, / Сууга келет акактап, / Тили карыш салаңдап, / Суунун бетин көрсөтпөй, / Күн тумандап далдаалап, / Үңкүргө кирсе ачылбай, / Ичине муну жаткырбай, / Таштар кулап калдырап, / Качып чыгат алдырап, / Айылга келет жылаңач, / Иттер келет такымдап, / “Ой, Айчүрөк, Айчүрөк, / Катыны элек бир эрдин, / Мени карап… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошенткенде Жапарбек экөөбүз аны кармап алып, күркүрөп жаткан сууга келип уруп жибердик эле, кулачтап алып жөнөдү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Анда баягы кемпир: "Сен үйдүн үстүндөгү чамгаракка чыгып, эки жакты карап жат", – деп кыздардын улуусун ал жакка жиберет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →