жат3

китептерде 4606 жолу, 10 китепте жат 1 →жат 2 →
  1. Горизонталдык абалда болуу, бир нерсенин үстүнө тикесинен турбастан узунунан түшкөндөй, боортоктогондой, же жыгылгандай абалда болуу (адам же башка жаныбарлар жөнүндө).
  2. Белгилүү бир жерде, орунда болуу, бар экендиги белгилүү болуу.
  3. Кандайдыр бир жерде, жайда болуу, бар экендиги белгиленүү, белгилүү бир абалда, жагдайда болуу.
  4. Жапырылуу, жыгылып, ыгып калуу.
  5. Түнөө, конуу, конуп-түнөп бир жерде болуу.
  6. Уктоо, уйкуга баш коюу.
  7. Таандык болуу, тиешелүү болуу.
  8. Атоочтук жаткан формасында аныктооч болуп түшкөндө «барып турган», «абдан», «жеткен», «ашкан» деген мааниде колдонулат.
  9. Негизги этиштер менен бирге айтылып, татаал этиштерди уюштуруучу көмөкчү этиш катарында колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

түнөп ал түнү, / Ары-бери толгонуп, / Таң атырды көз жумбай, / Таңга жакын болгондо, / Кеп сурады Акмаңдай: / — Тегеренип Таласты, / Коргонду душман камаса, / Жатаар элең козголбой, / Таң агарды бүгүн түн, / Үшкүрүнүп көз жумбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сурады каалап сур тайды, / Албады андан башкамды, / Сурап жатып тайды алып, / Эмеле Жакып аттанды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…Таманын тилип тепчилип, / Сууга келет акактап, / Тили карыш салаңдап, / Суунун бетин көрсөтпөй, / Күн тумандап далдаалап, / Үңкүргө кирсе ачылбай, / Ичине муну жаткырбай, / Таштар кулап калдырап, / Качып чыгат алдырап, / Айылга келет жылаңач, / Иттер келет такымдап, / “Ой, Айчүрөк, Айчүрөк, / Катыны элек бир эрдин, / Мени карап… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошенткенде Жапарбек экөөбүз аны кармап алып, күркүрөп жаткан сууга келип уруп жибердик эле, кулачтап алып жөнөдү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Анда баягы кемпир: "Сен үйдүн үстүндөгү чамгаракка чыгып, эки жакты карап жат", – деп кыздардын улуусун ал жакка жиберет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →