дүм2

китептерде 30 жолу, 8 китепте дүм 1 →
  1. Сүр, айбат, каардуу түр.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ичтери көөп дум болуп, / Мурундары барбаңдап, / Бир балтадан чыга албай, / Каары катуу көк жалдан, / Өлө берди мээ жайнап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кийгени көпкөк темирден, / Сүрөтү киши шекилдүү, / Кеми жок бойу сеңирден, / Үңкүр кабак, кең таноо, / Ичине эңшер, дүмчүк бел, / Кишиден башка неме экен, / Турган жерден бурулуп, / Кел Чигитей, кел! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Хандар карап турбады, / Катары менен чубады, / Мылтык үнү дүмкүлдөп, / Түтүнү туман булады, / Балбандардан эрсинген, / Бирөө дагы калбады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жер силкинип дүңкүлдөп, / Эрди көрдүм бул элде: / Токойго киши киргизбей, / Кара кулак кабышкан, / Шерди көрдүм бул жерде, / Куйруктары чолтойгон, / Жондору дүмдүк томпойгон, / Пилди көрдүм бул жерде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Балапан күнгө кактанып, / Канатын тарап чакчайып, / Кагынып кайтып түзөнүп, / Дүмдүйсө жүнү саксайып, / Учуп кетти бир күнү, / Көкүрөк керип төш жайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →