дүм1
- Нерсенин арткы бөлүгү, арт жагы, куйрук жагы, түп жагы, дүмбө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ичтери көөп дум болуп, / Мурундары барбаңдап, / Бир балтадан чыга албай, / Каары катуу көк жалдан, / Өлө берди мээ жайнап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кийгени көпкөк темирден, / Сүрөтү киши шекилдүү, / Кеми жок бойу сеңирден, / Үңкүр кабак, кең таноо, / Ичине эңшер, дүмчүк бел, / Кишиден башка неме экен, / Турган жерден бурулуп, / Кел Чигитей, кел!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Хандар карап турбады, / Катары менен чубады, / Мылтык үнү дүмкүлдөп, / Түтүнү туман булады, / Балбандардан эрсинген, / Бирөө дагы калбады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жер силкинип дүңкүлдөп, / Эрди көрдүм бул элде: / Токойго киши киргизбей, / Кара кулак кабышкан, / Шерди көрдүм бул жерде, / Куйруктары чолтойгон, / Жондору дүмдүк томпойгон, / Пилди көрдүм бул жерде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Балапан күнгө кактанып, / Канатын тарап чакчайып, / Кагынып кайтып түзөнүп, / Дүмдүйсө жүнү саксайып, / Учуп кетти бир күнү, / Көкүрөк керип төш жайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →