долу1

китептерде 24 жолу, 5 китепте долу 2 →
  1. Ачуусу келгенде кой дегенге болбогон албуут, ажаан, бейжай.
  2. Айтканынан кайтпаган көк, беттегенин бербеген өжөр, мыкты.
  3. өт. Каардуу, катуу, каарданган, чамынган, бууракандаган.
  4. өт. Оң каарман аялдарга сүймөнчүлүк менен ыкыбал кылып, туруктуу, кайраттуу деген мааниде кайрылуунун бир түрү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Жедигердин аскери, / Кыргызга кирип кеткенин, / Манжулардын элинен, / Мыңчелык өлүп бүткөнүн, / Каракөз барып катышып, / Кыргызга колун салганын, / Элди бузган долуну- / Жасандыны алганын, / Ийне-жибин калтырбай, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ачып көздү жумгуча, / Алаканын шак койуп, / Каткырык салды кара бет, / Кененим мойнун толгоду, / Бул долу кайда жүрөт, деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Атасы кытай долусу, / Арзанга бүтпөйт жумушу, / Энеси жиндин жалабы, / Эңкейтип пенде алабы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айылга келе калышып, / Аттан түшүп алышып, / Боорго колу жабышып, / Чачыкейдин алдына, / Кабар айтып барышып, / Тоңкучуктап жатканда, / Төбөсү жетип асманга, / Келберсип кыйын шаттанып, / Келген элге мактанып, / Ал долу катын Чачыкей, / Жыйылуу жүктө сарпайдан, / Бешти каттай кармады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Канча күндө барам деп, / Хан абасы Бакайдан, / Жолду сурап кеп уруп, / Жолду айткын барам деп, / Карабет Чүрөк долудан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →