долу2
- диал. Добул.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Жедигердин аскери, / Кыргызга кирип кеткенин, / Манжулардын элинен, / Мыңчелык өлүп бүткөнүн, / Каракөз барып катышып, / Кыргызга колун салганын, / Элди бузган долуну- / Жасандыны алганын, / Ийне-жибин калтырбай,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ачып көздү жумгуча, / Алаканын шак койуп, / Каткырык салды кара бет, / Кененим мойнун толгоду, / Бул долу кайда жүрөт, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Атасы кытай долусу, / Арзанга бүтпөйт жумушу, / Энеси жиндин жалабы, / Эңкейтип пенде алабы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айылга келе калышып, / Аттан түшүп алышып, / Боорго колу жабышып, / Чачыкейдин алдына, / Кабар айтып барышып, / Тоңкучуктап жатканда, / Төбөсү жетип асманга, / Келберсип кыйын шаттанып, / Келген элге мактанып, / Ал долу катын Чачыкей, / Жыйылуу жүктө сарпайдан, / Бешти каттай кармады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Канча күндө барам деп, / Хан абасы Бакайдан, / Жолду сурап кеп уруп, / Жолду айткын барам деп, / Карабет Чүрөк долудан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →