дат1
- Сууда же нымдуу жерде көпкө жатып калганда металлдын бетинде пайда болуучу күрөң так, жука катмар.
- Күн ачылбай, жаан-чачын көп болгон учурларда өсүмдүктөргө, көбүнчө эгинге түшкөн кызгылт күрөң темгил так.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Манжулар салды бүлүктү, / Унутулгус түйшүктү- / Жыргап жаткан кыргызды, / Айдатып келип жыйдырды, / Кылычтатып кыргызды, / Топ-тобу менен көмдүрдү, / Өкүмүнө көндүрдү, / Кылычында манжунун, / Кырыгздын каны дат калды, / Текес, Күнөс, Жылдызда, / Чогулуп калган таш болсо, / Кыргыз бейит ат калды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жылантору ат менен, / Кылычта кандуу дат менен, / Кыйкырыгы таш жарып, / Чигитей күндө топ бузат, / Чигитей үнүн укканда, / Жарылып жүрөк кубанат, / Жарк этип көзү ачылып, / Жана кайра тунарат, / Баат…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Көргөндүн көөнү бөлүнсүн, / Көбүнүн жашы төгүлсүн, / Көңүлү кирдеп дат болсун, / Көрбөгөнү аз болсун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кырк жыл болуп дат баскан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Аккелте ичи дат болду, / Сырнайзаң сынып бүктөлдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →