дат2

китептерде 40 жолу, 9 китепте дат 1 →
  1. Арыз-арман, кайгы-муң, ичтеги зар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Манжулар салды бүлүктү, / Унутулгус түйшүктү- / Жыргап жаткан кыргызды, / Айдатып келип жыйдырды, / Кылычтатып кыргызды, / Топ-тобу менен көмдүрдү, / Өкүмүнө көндүрдү, / Кылычында манжунун, / Кырыгздын каны дат калды, / Текес, Күнөс, Жылдызда, / Чогулуп калган таш болсо, / Кыргыз бейит ат калды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жылантору ат менен, / Кылычта кандуу дат менен, / Кыйкырыгы таш жарып, / Чигитей күндө топ бузат, / Чигитей үнүн укканда, / Жарылып жүрөк кубанат, / Жарк этип көзү ачылып, / Жана кайра тунарат, / Баат… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Көргөндүн көөнү бөлүнсүн, / Көбүнүн жашы төгүлсүн, / Көңүлү кирдеп дат болсун, / Көрбөгөнү аз болсун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кырк жыл болуп дат баскан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Аккелте ичи дат болду, / Сырнайзаң сынып бүктөлдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →