даана1
- Бирдей, окшош нерселердин эсебин, санын билдирүүдөгү бир үлгүсү, айрым саны, экземпляр.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айкөл Манас баатырдын, / Акылынын даанасы, / Кылган ишин карачы, / Токсон уруу түрк уулун, / Алтымыш уруу алаш деп, / Баш коштурган санаты, / Он төрт хан кылып чогултуп, / Тынган экен санаасы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сен турмайлык, Мадана, / Атагы чыккан ааламга, / Ээ болуптур Каныкей, / Акылы анын не даана!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Тапшырыптыр белегин, / Чоңойуп калса бергин, деп, / Каныкейге Арууке” / Асыл султан баласы, / Жумуру баштуу, айры төш, / Адамзаттын даанасы, / Элине жаккан эр үчүн, / Унутпай келет эмгиче, / Гүлүстөндү карачы; / Жалгыз бейит Канчоро, / Алмамбеттен кем эмес, / Ал Чубактын баласы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Семетей, Бакай, Канчоро, / Кеп кылбай турду баарысы, / Акылга чебер даанасы, / Алмамбеттин баласы, / Гүлчоро баатыр кеп сурайт, / Кеп сураса бек сурайт: / “Сууту канган атыңдын, / Жол алып сен шашылдың, / Кайда бара жатасың?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Менин багыма мынабу кат көп молдолордукундай табышмак эмес, колу жаман болсо да, даана жазылган кат экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →