даана2

китептерде 11 жолу, 5 китепте даана 1 →
  1. Ачык-айкын, так, таамай, таасын.
  2. Иштин жөнүн билген, акылдуу, эстүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айкөл Манас баатырдын, / Акылынын даанасы, / Кылган ишин карачы, / Токсон уруу түрк уулун, / Алтымыш уруу алаш деп, / Баш коштурган санаты, / Он төрт хан кылып чогултуп, / Тынган экен санаасы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сен турмайлык, Мадана, / Атагы чыккан ааламга, / Ээ болуптур Каныкей, / Акылы анын не даана! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Тапшырыптыр белегин, / Чоңойуп калса бергин, деп, / Каныкейге Арууке” / Асыл султан баласы, / Жумуру баштуу, айры төш, / Адамзаттын даанасы, / Элине жаккан эр үчүн, / Унутпай келет эмгиче, / Гүлүстөндү карачы; / Жалгыз бейит Канчоро, / Алмамбеттен кем эмес, / Ал Чубактын баласы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Семетей, Бакай, Канчоро, / Кеп кылбай турду баарысы, / Акылга чебер даанасы, / Алмамбеттин баласы, / Гүлчоро баатыр кеп сурайт, / Кеп сураса бек сурайт: / “Сууту канган атыңдын, / Жол алып сен шашылдың, / Кайда бара жатасың? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Менин багыма мынабу кат көп молдолордукундай табышмак эмес, колу жаман болсо да, даана жазылган кат экен. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →