быш2
- Кымызга жаңы сүт куйганда же майды бөлүп алууда бишкек менен ургулоо.
- Малып алуу, саюу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Перилерден кеп угуп, / Ичи ачынып от күйүп, / Эки жагын каранып, / Нурфанунун отурган, / Ордун көрүп Бекбача, / Жана кетти эс танып, / Кой эти бышым болгондо, / Ордунан турду эс алып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кой эти бышым ал жерде, / Чигитей менен Медеркан, / Коркутушуп турду эле, / Ал Торгойдун көзүнө, / Так тогуз жыл болду эле, / Тогуз жыл өтүп, күн кетип, / Жыл өткөндө Торгойдун, / Эсине түштү ак этип, / Жабыша түшүп ачылып, / Тамак айы так этип, / Ак киргендей көрүнөт, / Саамайына жаш жетип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Өзүнчө агып жатпайбы, / Бышкан казы-картадан, / Алышынча дагы бер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Он төрт жыл көрбөй абамды, / Ичим бышып бук болдум.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Саргарып эгин бышыптыр, / Алманын шагы ийилип, / Кыргыек учар табы экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →