быш1

китептерде 97 жолу, 10 китепте быш 2 →
  1. Кайноо, кууруу, ысык өткөрүү ж. б. аркылуу жешке жароо, даяр болуу.
  2. Өсүмдүктөр, жемиштер, мөмөлөр жетилип оруп-жыюуга, жешке ж.б. даяр болуу.
  3. Такшалып жетилүү, машыгуу, үйрөнүп бышыгуу, чыныгуу.
  4. Жетилүү, толуу, учуру болуу.
  5. Кайгыруу, капалануу, жапа чегүү, күйгүлтүк тартуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Перилерден кеп угуп, / Ичи ачынып от күйүп, / Эки жагын каранып, / Нурфанунун отурган, / Ордун көрүп Бекбача, / Жана кетти эс танып, / Кой эти бышым болгондо, / Ордунан турду эс алып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кой эти бышым ал жерде, / Чигитей менен Медеркан, / Коркутушуп турду эле, / Ал Торгойдун көзүнө, / Так тогуз жыл болду эле, / Тогуз жыл өтүп, күн кетип, / Жыл өткөндө Торгойдун, / Эсине түштү ак этип, / Жабыша түшүп ачылып, / Тамак айы так этип, / Ак киргендей көрүнөт, / Саамайына жаш жетип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Өзүнчө агып жатпайбы, / Бышкан казы-картадан, / Алышынча дагы бер. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Он төрт жыл көрбөй абамды, / Ичим бышып бук болдум. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Саргарып эгин бышыптыр, / Алманын шагы ийилип, / Кыргыек учар табы экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →