быр2
- Канаттуулар чукул көтөрүлө, канаттарын тез-тез катуу-катуу кагып учкандагы дабышын билдирүүдө колдонулат.
- Мурундун бырылдаган дабышын билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…анын учу тийбеген, / Маңдайында алты хан, / Эрде бүтүн калбаган, / Ат туйагы тийбеген, / Жерде бүтүн калбаган, / Топчулугу үзүлбөйт, / Соотто бүтүн калбаган, / Бырык-тырык тагы жок, / Этте бүтүн калбаган, / Бала жолборс Асылдын, / Бар куршугу кармады, / Туура кармап найзаны, / Кекер менен турганы, / Хан Калдыктын буйругу, / Балба…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бастырган менен көк көлгө, / Чөгүүчүдөй түбүнө, / Кирген жерде чулп этип, / Атынын мурду быр этип, / Баралган жок эч жерге, / Аш бышымча суу кечип, / Этеги сууда жайылып,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Мурдун быр эткире чимкирип коюп:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Аттын чыласында жатып, сарала болгон бир тутам, ным шакелди түтөтүп коюп, күлгө бир быр эттире чимкирип, мурдун тартып бышактап ыйлап очоктун жанында жеңем отурат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Көлгө барган кыргыздар ачарчылыктан кырылып, орус четинен бырчылдатып өлтүрүп жатат дейт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →