быр1

китептерде 5 жолу, 3 китепте быр 2 →
  1. (быр-сыр). Кыпын-сыпын, майда бүр, чаң-чуң, ыпыр-сыпыр.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…анын учу тийбеген, / Маңдайында алты хан, / Эрде бүтүн калбаган, / Ат туйагы тийбеген, / Жерде бүтүн калбаган, / Топчулугу үзүлбөйт, / Соотто бүтүн калбаган, / Бырык-тырык тагы жок, / Этте бүтүн калбаган, / Бала жолборс Асылдын, / Бар куршугу кармады, / Туура кармап найзаны, / Кекер менен турганы, / Хан Калдыктын буйругу, / Балба… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бастырган менен көк көлгө, / Чөгүүчүдөй түбүнө, / Кирген жерде чулп этип, / Атынын мурду быр этип, / Баралган жок эч жерге, / Аш бышымча суу кечип, / Этеги сууда жайылып, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Мурдун быр эткире чимкирип коюп: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Аттын чыласында жатып, сарала болгон бир тутам, ным шакелди түтөтүп коюп, күлгө бир быр эттире чимкирип, мурдун тартып бышактап ыйлап очоктун жанында жеңем отурат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Көлгө барган кыргыздар ачарчылыктан кырылып, орус четинен бырчылдатып өлтүрүп жатат дейт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →