бурак1

китептерде 9 жолу, 2 китепте бурак 2 →бурак 4 →бурак 5 →
  1. Эпостордо, жомоктордо айтылчу чаалыкпас, чарчабас тулпар, мыкты күлүк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бура тарткан кезинде, / Казактардын эр Шермат, / Азыркысын Алашка, / Арка болчу бел Шермат, / Муратты атка мингизип, / Буракүңгө бет келди, / Шерматканга Буракүң, / Качырып найза сайганы, / Буракүңдүн найзасын, / Камынтпай Шермат какканы, / Буракүңдүн найзасы, / Чыгып кетип колунан, / Асманды карай атканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Балта менен Шерматкан, / Найзаны какты алдыртан, / Балта тийген чоң найза, / Сынып кетти быркырап, / Сыныктары найзанын, / Көккө учуп чыркырап, / Буракүңдүн тулпары, / Катуу келген күү менен, / Өтүп кетти даркырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көөнү ооруса кыргыздар, / Чыгыш каңгай-кытайга, / Батышы Урум, Иранга, / Тарап кетсе ар кайда, / Чамбыл бел, Бурак – буларга, / Бадакшан, Балык, Коросон, / Сиз болосуз ошондо, / Кой жоготкон короодон! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— деп, / Айбалкайдан бир жыттап,- / Тулпардан чыккан бурагым, / Туугандан калган туйагым, / Өлбөскө бүткөн чунагым, / Өчпөскө күйгөн чырагым, / Кыйаз келе жатат, деп, / Атын айтпай кузгун деп, / Ошол айткан кептериң, / Так бүгүнгө эстедим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →