бурак4
- Койдун кашаасы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бура тарткан кезинде, / Казактардын эр Шермат, / Азыркысын Алашка, / Арка болчу бел Шермат, / Муратты атка мингизип, / Буракүңгө бет келди, / Шерматканга Буракүң, / Качырып найза сайганы, / Буракүңдүн найзасын, / Камынтпай Шермат какканы, / Буракүңдүн найзасы, / Чыгып кетип колунан, / Асманды карай атканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Балта менен Шерматкан, / Найзаны какты алдыртан, / Балта тийген чоң найза, / Сынып кетти быркырап, / Сыныктары найзанын, / Көккө учуп чыркырап, / Буракүңдүн тулпары, / Катуу келген күү менен, / Өтүп кетти даркырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көөнү ооруса кыргыздар, / Чыгыш каңгай-кытайга, / Батышы Урум, Иранга, / Тарап кетсе ар кайда, / Чамбыл бел, Бурак – буларга, / Бадакшан, Балык, Коросон, / Сиз болосуз ошондо, / Кой жоготкон короодон!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— деп, / Айбалкайдан бир жыттап,- / Тулпардан чыккан бурагым, / Туугандан калган туйагым, / Өлбөскө бүткөн чунагым, / Өчпөскө күйгөн чырагым, / Кыйаз келе жатат, деп, / Атын айтпай кузгун деп, / Ошол айткан кептериң, / Так бүгүнгө эстедим.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →