була2
- Чубалжый көтөрүлүү, оргуп чыгуу, түрмөктөлүп бурулдоо.
- Барпайып ачылуу, чубалып чыгып туруу Сууңдан кере жутсун буудай арпа, Ачылсын жана дагы пахта булап (Бөкөнбаев).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ырлар колу дал болуп, / Көтөрүлбөй колдору, / Бүткөн бойу шал болуп, / Кылычтын баары кыйрады, / Кылайып жумуш бүткөн жок, / Олпоктондор булунуп, / Ат башындай булалар, / Кармаган жерден жулунуп, / Кемер курлар үзүлүп, / Кеткен жок аттан түшүрүп, / Бирин бири алган жок, / Ойлогон ишин бүтүрүп, / Жай- жайына жанышты, / Аңгычак…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Тартып койсоң чойулат, / Койо берсең чогулат, / Кандагай деген ушул, — деп, / Тышы теке териси, / Ичи жибек була, — деп: / Буйрук берди арстаның: / — Бол, аттангын, чуба!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ошончону бул жерге, / Өзүн бурбай жеткирген, / Жолго түшсө билинбей, / Була болуп буралган, / Сууга кирсе ак чабак- / Балык болуп кубулган, / Аккуу болуп асманда, / Учуп жүрсө Айчүрөк, / Атагы элге угулган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Айткандардан укканым: / Кийгени аппак буладан, / Мингени буурул жоргодон, / Салганы шумкар койкойгон, / Күйүт тарткан немедей, / Күлбөгөн мерез сомсойгон” / Бала баатыр Карадөө, / Атасынан көп уккан, / Жолу болсун Семетей, / Жолборс эле деп уккан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Күйүттү бенде жашыган, / Бетеге белден булаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →