була1

китептерде 57 жолу, 6 китепте була 2 →
  1. Пахта, кенаф, кендир ж. б. өсүмдүктөрдөн же химиялык жол менен жасалма түрдө алынган, ийирүүгө, кездеме токууга, согууга колдонулуучу жүн, кебез сыяктуу жумшак зат.
  2. Чубалып турган пахтанын булалары кимдин болбосун көз кумарын кандырат (Байтемиров).
  3. Кымбат баалуу кездеменин аты, ак жибек.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ырлар колу дал болуп, / Көтөрүлбөй колдору, / Бүткөн бойу шал болуп, / Кылычтын баары кыйрады, / Кылайып жумуш бүткөн жок, / Олпоктондор булунуп, / Ат башындай булалар, / Кармаган жерден жулунуп, / Кемер курлар үзүлүп, / Кеткен жок аттан түшүрүп, / Бирин бири алган жок, / Ойлогон ишин бүтүрүп, / Жай- жайына жанышты, / Аңгычак… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Тартып койсоң чойулат, / Койо берсең чогулат, / Кандагай деген ушул, — деп, / Тышы теке териси, / Ичи жибек була, — деп: / Буйрук берди арстаның: / — Бол, аттангын, чуба! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ошончону бул жерге, / Өзүн бурбай жеткирген, / Жолго түшсө билинбей, / Була болуп буралган, / Сууга кирсе ак чабак- / Балык болуп кубулган, / Аккуу болуп асманда, / Учуп жүрсө Айчүрөк, / Атагы элге угулган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Айткандардан укканым: / Кийгени аппак буладан, / Мингени буурул жоргодон, / Салганы шумкар койкойгон, / Күйүт тарткан немедей, / Күлбөгөн мерез сомсойгон” / Бала баатыр Карадөө, / Атасынан көп уккан, / Жолу болсун Семетей, / Жолборс эле деп уккан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Күйүттү бенде жашыган, / Бетеге белден булаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →