а2

китептерде 135 жолу, 10 китепте а 1 →а 3 →а 4 →
  1. Ал деген жактама же шилтеме ат атоочтун кыскарган түрү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жапандан алат жасоолду, / Аралдан алат адамды, / Ар кайдан табат андайды, / Аралап кирип четиңден, / Айабай бүлүк салбайбы, / А, көрөкчө бурутту, / Койбой талап алалы, / Капка тигип жанайлы, / Коктукат алып баралы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кылчайып кайра тарталбай, / А деп кебин айталбай, / Жин тийгендей сулады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Туубай туна чөгөйүн, / Тумшугу жок курган жан, / Бир беттешип көрөйүн, / Ажалым жетсе өлөйүн, / Өлбөй тирүү ким калат, / А дүйнөгө жөнөйүн! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Олуйа Бакай хан келди, / Каныкей энем ал келди, / Алтымыш балбан дегенди, / Жолборс бала Сейитек, / Ана-мына дегиче, / А дүйнөгө жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ «А, баракелде, Канчоро, / Кайраты толук,эр чоро. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →