а4

китептерде 135 жолу, 10 китепте а 1 →а 2 →а 3 →
  1. Кимдир бирөөгө кайрылгандык, чакыргандык маанилерин билдирет.
  2. Таң калгандык, өкүнгөндүк, нааразы болгондук сыяктуу ички сезимди билдирүүдө колдонулат.
  3. Туура табуу, ылайык көрүү, макул болуу маанисинде айтылган «мейли», «болуптур» деген сыяктуу сөздөргө кошулуп, күчөтүү маанисин билдирет.
  4. Ырастоо, күчөтүү, кекетүү маанисинде колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жапандан алат жасоолду, / Аралдан алат адамды, / Ар кайдан табат андайды, / Аралап кирип четиңден, / Айабай бүлүк салбайбы, / А, көрөкчө бурутту, / Койбой талап алалы, / Капка тигип жанайлы, / Коктукат алып баралы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кылчайып кайра тарталбай, / А деп кебин айталбай, / Жин тийгендей сулады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Туубай туна чөгөйүн, / Тумшугу жок курган жан, / Бир беттешип көрөйүн, / Ажалым жетсе өлөйүн, / Өлбөй тирүү ким калат, / А дүйнөгө жөнөйүн! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Олуйа Бакай хан келди, / Каныкей энем ал келди, / Алтымыш балбан дегенди, / Жолборс бала Сейитек, / Ана-мына дегиче, / А дүйнөгө жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ «А, баракелде, Канчоро, / Кайраты толук,эр чоро. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →