ак3
- Суюктуктун (суу, сүт ж.б.) табигый түрдө ылдый карай куюлган, жылган абалы; өзөн, арык, нук боюнча бир багытка бет алып жылуу (сууга карата).
- Суу, суюктук, тер ж.б. сызылып көп чыгып, куюлуп, шорголоп, жылжыгандыгы.
- өт. Жабылып, үзгүлтүксүз чубап жүрүү, өтүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Атагың кыргыз, ак калпак, / Каныкей берген касиет, / Арзан эмес ат калмак, / Ай-ааламга таанылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аркамды карап көп жүрдүм, / Ак ышкын терип жеп жүрдүм, / Айаш атам иш билги, / Айдаркан кыйбайт деп жүрдүм: / Көт жагым карап көп жүрдүм, / Көк ышкын терип жеп жүрдүм, / Жан кыйышпас дос элек, / Көкчө кыйбайт деп жүрдүм.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ыйлап жүрүп Торсолдой, / Чечекейи акканы, / Бала да болсо Каргалдай, / Абам менен энемди, / Алы эле келсе бакканы, / Гүлүстөн мында келгенде, / Үйүндө үч күн жатканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ушунда жүрүп кай бир күн Алымжан үйүндө боло калган кездерде Ак-Сууда калган инилерим жайынан кеп уруп, «Ушуларды алууга бир маркабатыңыз тиер бекен» — дегендей кылып сөздүн четин чыгарып коёр элем.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Менин өнөрүм: агып бара жаткан деңиздерди, сууларды алаканым менен токтотомун, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →