ак1

китептерде 2472 жолу, 10 китепте ак 2 →ак 3 →
  1. Кардын, сүттүн түсүндөй түс, агарган түс.
  2. Таза, көңүлүндө кири жок, арамзалыгы жок, оюнда жамандыгы жок; арамдыгы жок, ниети түз.
  3. Күнөөсүз, жазыксыз.
  4. тар. Контрреволюциячыл, Совет бийлигине каршы аракет кылуучу же Совет бийлигине каршы багытталган.
  5. Шахмат, дойбу оюндарында кара түстөгү фигуралардын каршысында ойнолуучу фигуралар.
  6. Айран-сүттүн жалпы аты.
  7. Көздүн карегинин айланасындагы агарган жери.
  8. Көздүн карасына, карегине пайда болгон оору, көздүн карегин каптап калган чел.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Атагың кыргыз, ак калпак, / Каныкей берген касиет, / Арзан эмес ат калмак, / Ай-ааламга таанылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Аркамды карап көп жүрдүм, / Ак ышкын терип жеп жүрдүм, / Айаш атам иш билги, / Айдаркан кыйбайт деп жүрдүм: / Көт жагым карап көп жүрдүм, / Көк ышкын терип жеп жүрдүм, / Жан кыйышпас дос элек, / Көкчө кыйбайт деп жүрдүм. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ыйлап жүрүп Торсолдой, / Чечекейи акканы, / Бала да болсо Каргалдай, / Абам менен энемди, / Алы эле келсе бакканы, / Гүлүстөн мында келгенде, / Үйүндө үч күн жатканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ушунда жүрүп кай бир күн Алымжан үйүндө боло калган кездерде Ак-Сууда калган инилерим жайынан кеп уруп, «Ушуларды алууга бир маркабатыңыз тиер бекен» — дегендей кылып сөздүн четин чыгарып коёр элем. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Менин өнөрүм: агып бара жаткан деңиздерди, сууларды алаканым менен токтотомун, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →