айда1
- Малды чаап, жазгап же дабыштап, турган жеринен башка жакка кетирип жиберүү, кууп салуу, оолактатуу.
- Малды ж.б. алдыга салып, белгилүү бир багытка карай сүрүү, тескеп жүрүп отуруу.
- Туткунду, күнөөкөрдү ж.б. мажбурлап, белгилүү бир жакка барууга аргасыз кылуу, алдыңа салып, тийиштүү жакка жеткирүү.
- Кыймылга келүүчү, ордунан жылуучу нерсени (кайыкты, машинаны, самолётту ж.б.) жүргүзүү, анын жүрүү кыймылын башкаруу.
- Кетирүү, жок кылуу, бир нерседен арылтуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ажалың айдап жан шашып, / Кыргызга Таңгыт не тийдиң?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Элге айтып байанды, / Жакшылап күндү жай алды, / Салакалуу жай ташты, / Салып сууга байлады, / Асмандагы булутту, / Шамал козгоп айдады, / Шыбыргактап борошо, / Алай-дүлөй күн жаады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айдалып чыккан Чачыкей, / Камышка барат мааналап, / Көлөкө бербей камыштар, / Эттерин тилет чапкылап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— Айда, тамак ашасенчи,— деди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бала эки өгүздү чыгарып коюп, бир колу менен тартып, бир колу менен кармап, жерди айдап таштайт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →