адаш1

китептерде 91 жолу, 10 китепте адаш 2 →
  1. Жолдош.
  2. Дос, тамыр (бул маанисинде аяш-адаш турпатында да колдонулат).
  3. Аты уйкаш, ысымы бирдей.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бул жерде жалгыз мен өлүп, / Теңдеше албай Асылга, / Саранжа калмак ал өлүп, / Тете, Салаа дагы өлүп, / Хан Каракөз кошулуп, / Калбай хандын баары өлүп, / Маңгыттан келет хан Калдык, / Адашып жүрүп ал өлүп, / Беш жылга уруш узарбай, / Биз калбайлы түгөнүп”. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Шум дүйнө алдайт адамды, / Напсиңди ачып адашсаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ “Алты күндөн бери жакка, / Аркамдан кабар болбоду, / Кененим калган белем деп, / Изимди таппай адашып, / Жоодарды сойуп кетем” деп, / Качып жүрүп жаны ачып, / Кез дайранын бойунда, / Жоодарга калды капташып, / Дүйшөмбүнүн шаарынан, / Кененимге баратып, / Көрө с… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жойкуманы кындады, / Найзаны кармап ыргады, / Өкүрүп атын сабашып, / Ойрон Сыргак баатырга, / Жетти булар жанашып, / Качырып барып эр Сыргак, / Кылт эте берди буйткарып, / Калды булар адашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Адашып кеткен Сейитек, / Атанын тапты конушун, / Аралап келди жер көрүп, / Жетитөрдүн баарысын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →