адаш2
- Жаңылыш, туура эмес.
- Бараткан жолду, багытты же бара турган жерди ж.б. таппай, жаңылып калуу.
- Жолдошторду таппай, кездеше албай калуу, кимисинин кайда экенин билишпей калышкан абал.
- Жаңылуу, жаңылыштык кетирүү, бир нерсенин туурасын, аныгын же жөнүн биле албай калуу.
- Алыстап кетүү, эл ичинде бирге боло албай, оолактап калуу.
- Мурдагы калыбынан танып калуу; жаңылышуу, жаман жолго түшүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бул жерде жалгыз мен өлүп, / Теңдеше албай Асылга, / Саранжа калмак ал өлүп, / Тете, Салаа дагы өлүп, / Хан Каракөз кошулуп, / Калбай хандын баары өлүп, / Маңгыттан келет хан Калдык, / Адашып жүрүп ал өлүп, / Беш жылга уруш узарбай, / Биз калбайлы түгөнүп”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Шум дүйнө алдайт адамды, / Напсиңди ачып адашсаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ “Алты күндөн бери жакка, / Аркамдан кабар болбоду, / Кененим калган белем деп, / Изимди таппай адашып, / Жоодарды сойуп кетем” деп, / Качып жүрүп жаны ачып, / Кез дайранын бойунда, / Жоодарга калды капташып, / Дүйшөмбүнүн шаарынан, / Кененимге баратып, / Көрө с…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жойкуманы кындады, / Найзаны кармап ыргады, / Өкүрүп атын сабашып, / Ойрон Сыргак баатырга, / Жетти булар жанашып, / Качырып барып эр Сыргак, / Кылт эте берди буйткарып, / Калды булар адашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Адашып кеткен Сейитек, / Атанын тапты конушун, / Аралап келди жер көрүп, / Жетитөрдүн баарысын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →