← Узак жол 7/10

XX

Эгин орогу бүтө жаздап калган убак. Бир күнү кожоюнум туруп, эми бизде жумуш бүттү, сен кете бер,— деди.

Күн батарга жакын чыгып, жылдыз толо Мамирмазиндикине келдим. Жаңыдан тамак ичкени жатышкан экен. Мен үйгө кирип, бир аз отургандан кийин кызынын ал-абалын сурап алып, артынан:

— Сен Бейшеге барып келчи. Алар мында,— деди Мамирмазиндин катыны.

Айтары менен чыгып кеттим. «Мен келер замат үйгө жибериши кандай» деген сөз оюма шап этти.

Биздики ат короонун жанында, бир тамда экен. Бул мУРУн музоонун короосу болучу. Ушул тамга башында да биз өңдөнгөн бирөөлөр турса керек. Очогу бар, түштүк жакта бир шыкырайган караңгы терезеси бар.

Барсам Бейшемби төшөктө жаткан экен. Жанында көп какырып ботала болгон бир чылапчын жатат. Жамачылуу, кызыл чепкенин айкарасынан жаап салыптыр. Аттын чыласында жатып, сарала болгон бир тутам, ным шакелди түтөтүп коюп, күлгө бир быр эттире чимкирип, мурдун тартып бышактап ыйлап очоктун жанында жеңем отурат. Бир демге түшүнбөй жаткандай, энесинин жаш агып турган көзүн анда-санда жалдырап карап коюп, муңайым тартып Жумабек отурат.

Отто баятан бери быкшып жаткан шакелдин бир убакта дүр этип жанып кеткен жарыгы менен тактанын алдынан таруудай көзүн жылтыратып, жөргөлөп бараткан бир чычкан көрүнө түштү.

Үйдөгүлөр жаңы үчөө гана! Баягыда алты канат үйгө батпай бир айыл элдей опур-топур болуп жатчу көп бүлөө бүгүн кайда? Ошонун баары четинен өлүп, бүтүп олтуруп, аягында мынабу үчөө гана калган сыяктанат. Бүгүн өлүктөй жымжырт. Көптөн жүрүп келип, мынабу үйдү жаңы көргөнүмө башыбыздан бир кырк жыл өтүп кеткендей болуп көрүндү.

Башта мындай мен көпкө жүрүп, бир жактан келгенимде: «и, кандай» деп барар замат имерилип, сүйлөшүп калчу Бейшемби бу жолу лам деп сөз каткан жок. Мен бая кирип барып, бир аз отургандан кийин, өлүп баратып керээзин айтчу кишидей, биз жакка бир эки мертебе бурулуп, жакшы эле ыңтайлангандай болуп келди да, кайтып: «Эми койчу ары, мен да чарчадым го, өзүңөр билгиле... Жайымды көрүп отурбайсыңарбы» деген кишидей болуп тетири карап кетти. Көз алдындагы караңгы бурчту карап жатып, кезек-кезек бирдемелерди кобурап, жөөлүп коёт.

Бир кезде мен жеңеме карап:

— Бейшекем оору беле? — дедим акырын гана бошогон дабыш менен.

Мен муну айтканда, жеңем эми мындан ары көрө турган күнү бүтүп, өмүрдүн акыркы сааты калган кишидей колунда бир тал куурайы менен жерди чукуп, салбырап, акырын гана жашын төгүп, үнсүз ыйлап отурган. Мага бир аздан кийин жооп берди.

— Качантан бери? — дедим.

— Көп болду...

Жашын төгүп-төгүп алат да:

— Ата дүнүйө ай! Ушундай жерде өлмөк белек!! — деп коёт каргылданган жашыган үнү менен.

Күзгү күн жаап турган. Мен. бир тыпын үйгөн, эшиги жок жайдак тамда жаткамын. Таңга жуук бир кезде кечээги кайгылуу кара тамдан жалгыз жеңемдин жалгыз муңканып ыйлап жатканын уктум... Аларды мен экинчи дүйнөдө кезиктирбеймин да. Бирок ошондогу чындыкты жеткирип айталбасам өзүм өмүрдө күнөөлүмүн деп санаймын.

Нечен кайгылуу кара күндөрдө жокчулукка чыдап, ушул жерге бизди сүйрөп жеткирген Бейшемби эле. «Мынча жетимди чубуртуп бөөдө кырылгыча, четинен таштап сатып кетели» деп Элебес нечен айныганда да, Бейшемби болбой көшөрүп жүрүп отурган. Бейпилчилик-те көрсөткөн эрдик — эрдик эмес. Кыйын кыстоо замандарда көрсөткөн эрдик. Жөнөкөйдө кайрылган кайрымдуулук эмес, башыңа түшкөн кара күндөрдө кылган кайрымдуулук...

Бейшемби өлгөн соң, биз бир аздан кийин ак баарыбыз бытырап тарай баштадык. Жеңемдин төркүнү казактын Коңут Бөрүк уруусунда болучу. Ал ошол жактан төркүнүн таап алга, жалгыз баласы менен өз жанын ала качып кетти. Эшпай Шерпедендин колунда. Беккул,

Ашымкан мен үчөөбүз Мамирмазинде калдык. Бечел болсо Бейшемби өлөрү менен жоголгон.

Бир күнү катыны менен турганда Мамирмазин мени чакырып алып:

— Сен эртең же бүрсүгүнү Тогуз-Булакка жөнөйсүң... Кой быйыл ошондо кыштайт. Жакшы багып кел,— деди.

— Ал кандай жер? — дедим мен.

— Тогуз-Булак... Малга жайлуу жер. Анда менин күйөөм Армолдо көчүп барат. Кызым бар. Сен ошол Армолдонун коюна кошуп кайтарасың. Тамактан ачыкпайсың. Дайындап коём. Уктуңбу?..

Ушунун эртеси курман айт болуп, мени бир күнчө токтотуп коюшту. Уйгурдун заңында улуу дамбылдалар, молдолор бүгүн түтүнгө кыдырып куран окуйт. Мамирмазин да бүгүн табына келгендей, эртең менен ашыгып, чала-була чай ичип, селдесин заңкыйтып оронду да, менин ийниме бир бош куржунду салып алып, үйдөн ээрчитип чыкты. Көчөнүн башынан баштап, адегенде бир чет-теги тамга кирдик. Биз эшиктен кире бергенде, орто жашаган бир кара катын:

— А, моллаке, келиңиз! — деп ордунан ыргып туруп, жүгүнүп сыпайылык менен каршы алды. Менин отурган-отурбаганым менен жумушу да жок, айтор молдо отурду болду дегендей, тиги куттуу жерине барып конгондон кийин, өзү да ордуна барып отурду. Молдо төргө чөк түшүп, кашын серпип көздү жумуп, куран окуп жатканда, мен үстөлдө не бир түрдүү кылып жасалган ширин нандарды көзүмдүн алды менен бир сыйра кыдырып өттүм. Куран окуп бата кылгандан кийин молдо:

— Биссимилла,— деп бир түйдөктөлгөн аңдын четинен кол учу менен чебердеп ооз тийди. Мен аны туура-дым. Милдетин чапчандык менен өтөп жиберип:

— Оомийин, аллоакбар,— деп молдо колун жайып бата кылып эми турайын деп жатканда, үйдүн катыны менин куржунума эки нан салып берди. Андан чыгып экинчи үйгө кирдик. Кайсы үйгө кирсек да менин көргөнүм мындан өзгөргөн жок. Ар бир үйдөн экиден кем эмес нан алып чыгабыз.

Бир көчөнүн башына чыккандан кийин көтөргөн куржунумдун эки көзү тең шыкай толуп чыкты. Ошол убакта Мамирмазин:

— Үйгө алып барып төгүп кел,— деп мени жиберип ийди. Беш саржандай узап калганымда:

— Тез кел! — деди. Жолдо кетип баратып, «баягы менин кайырчылык заманымда эл ушундай март болсо-чу» деп, бир ойлоп алдым.

Мен кайра келгиче Мамирмазин бир да үйгө кирбей мени күтүп туруптур.

— Бул күнү үйдөн кур калыш болбойт. Бул бир кудаанын берген насиби...— деп коёт.

Ошо күнү шашкеде чыккан так бешимге чейин тынбай кыдырсак керек. Куржундун эки көзүн төрт жолу толтуруп барып төктүм.

Эртеси таң эртең менен төшөктөн жаңы туруп, чокоюмдун боосун байлап жатсам, Мамирмазин алактап жетип келип:

— Кана, жөнөгүн! Армолдонун кою кетип барат,— деди.

Койду айдап чыгып баратсам үйдөн:

— Ачка кетти го,— деген катындын үнү чыкты.

— Нан алды, болот.

Тышка чыксам Армолдонун кою сайды бойлоп, төмөн карай жайпап бараткан экен. Бир топ жерге баргандан кийин мен да артынан жеттим. Койчусун таануучумун. Аты — Жамат,— көзү көк таштай, чеңкийген, ээрдинен эзели желки кетпеген, мойну ичке, куркуйган сары неме. Экөөбүз бет маңдай туруп сүйлөшкөндө, мен жогору карап калчумун. Жашы жыйырмаларда бар.

Мен коюмду кошуп жиберип, Жаматтын жанына жакындай бергенимде:

— Эй келдиңби? — деди күлүмсүрөп оозун ырсый-тып. Мен да белгисиз бирдемеге кубанып бараткандай болом.

— Тогуз-Булакка качан жетебиз?

— Э токтамай кетсек, күн бата барып каламыс — деди камаарабай, өз жагында кийин калып койгон бир боз койду таягы менен жазгап калып.

Бир аз бара түшкөндөн кийин:

— Энди кыштай экемис жолдас боламыс...— деди.

XXI

Биз Тогуз-Булакка келгени бир айча болгон. Мында көбүнчө мал кыштаткан байлар отурат. Кышында суук кыйын болсо да мал эти менен чыгат. Жер от. Чийдин бийиктиги атчан кишинин бою менен тең. Бир түп чийдин дүңгөсү кучак келип, башына турган бубактар салаңдап, кой аралаганда жонуна куюлуп турат. Коён десең ушунда. Бир жерден он-он бештен чубайт. Койлор жаңы келген кезде коёнду көрүп дыркырап жөнөп берчү эле. Эми көнүп калган; Капылыстан чыга түшүп, чуу койгон коёндон селт этип коёт да кайра башын жерге салып оттой берет.

Жолдошум күндөгү адаты боюнча, алдынан атып жөнөгөн коёнго:

— Айт! — деп калып таякты жиберип алат да кайтып: — Кап, сенин! — деп тийбегенине кейип калат.

Коёнго калганда колу түз. Кээде көздөп туруп урганда таяк таамай барып, чийге тийип калып коён кутулуп кетчү. Бир итибиз бар. Бирок жарамсыз. Качырып кирген коёңун бир аз барганда жоготуп жиберип, капылыстан кезиккен экинчи бирөөнү кууп кетип, андан да кур кайтат.

Бир күнү атайын чыгындык. Коёндор жазатайым качып калган учурда жолсузга салбаса, көбүнчө өздөрү жасап алган белгилүү жолдору менен жүгүрөт. Чийди кырчып жол салып алат. Жамат бир мезгилде ушундай жерлердин бирин ыңтайлап, дүкүйгөн бир чычырканак-тын түбүнө бугуп калды да, мени коён айдаганга жиберди. Кеттим. Чий аралаш чыккан бир калың карагандын артына чыгып:

— Айт, айт!— дегенимче болбой, булак-булак ыргып, көп коён жабыла качып жөнөдү. Жамат тосуп туруп калганда таяк алыс кетти. Бери жактан дыркырап бараткан коёндор, аны көрүп калып, үркүп жолдон чыга берди. Кийинки жолу урганда бирөө будаланып барып оңолуп кетти. Мен коёндун жатактарын таяк менен салгылап, өлчөп чыгарып турам. Бир сапардан жети-сегиз коён бир чубады. Ошол топто кетип баратып, жолдошумдун тушуна барган кезде бирөө жалп этти. Чокмор таамай тийди белем, жүнү бурк эте түштү. Мен жетип барганымча Жамат коёндун арткы бутунан көтөрүп алып:

— Жыктым! — деп ырсайып койду.

Ошол замат терисин сыйрып, бир чоң чийдин түбүнө от коюп, күлгө будалап кактап жибердим. Этти жеп болгондон кийин карасак, бети-башыбыздын чоло жери жок. Жаматтын мурду көө болуп жүрөт.

Кеч кирип кетти. Чачылып жайылып жаткан койлорду ышкырып жыйнай баштадык.

Армолдонуку айылдан обочо бир жалгыз боз там. Жанында бир боз үйү бар. Мында согумдун эти турат. Жамат экөөбүз ушунда жатабыз. Боз үй кой короонун эшигинин алдында. Армолдо бир семиз бээни союп таштап, өзү Кулжага кеткени көп болду. Үйүндө бешиктеги жалгыз баласы менен катыны гана калган. Өзүнөн катыны көп жаш, ары кетсе жыйырма бештерде деп айтарлык чарчы бойлуу, көзү капкара, бети тоголок чымыраган кара катын. Сөзгө сараң, өзүнүн керегинен артык унчукпайт. Тышка чыкпай, отту жагып салып, узунду кечке мештин маңдайында отурганы отурган. Эртели кеч үйдө болгондо мешин жаккан, чайын кайнаткан биз. Өзү болсо тамагын таптап ичип, ысык үйдө ырахаттанып отурганды гана билет. Кечке аязда жүрүп ачыгып келсек да биз мезгили менен тамак ичпейбиз. Эртең менен кеткен бойдон кечинде келип бирдеме жалмайбыз. Өзү болсо шашпай отуруп алып, тамакты жайланып ичип болгондон кийин анан бизди чакырат. Эт салса шылдыр шорподон башка артпайт. Мунусуна да чыдаар элек. Биз жей турган эленбеген кара нанды кайрачкайра жасагандан эринип, көп кылып, бир гана жасап алат да, сактай берип аны көгөртүп салат. Күндө көгөргөн чирик нан жейбиз.

Ушу жоругуна чыдабай кетип, бир күнү үйдөн чыгып баратып, өзүнө чала-була угуза, Жамат:

— «Ач кадырын ток билмейди». Биздин көргенимиди өзү бир күн көрсө кайтер эди? Ай, кудай жазаңды бергир!..— деди.

Бир күнү эртең менен тамакка отуруп жатсак алдыбызга көпкөк болгон бир-эки нан келди. Чирип кетиптир. Күндөгү жеп жүргөнүбүздөн да бөтөн. Арасында пахтанын майдасындай үлпүлдөгөн бирдемелер илээшип жүрөт. Адам жей турган эмес. Катынга өчөшкөн болуп, экөөбүз эки табакка толтура туурап, чайга чылап алдык да тышка чыгып, итке куюп бердик. Ит жыттап алып басып кетти. Жамат жаны кашайган кишидей эшикти ачып туруп төрдү көздөй каңк-каңк эттирип табагын ыргытып жиберди. Ошону менен ачка кеттик.

Мамирмазиндин бул кызы кессең кан чыкпай турган бир жез тырмак эле. Бул тууралуу энеси да «ушу кызым абдан сараң» дечү.

Жалган түш ченде өз жагымдагы койлордун четин кайра жапырып таштап, Жаматтын жанына басып келдим. Анын кабагы бүркөк, ээрди кеберсип кеткен.

— Эртең менен сага эмне болду? — дедим.

Желки болгон ээрдин жалап өзүн карай тырсылдап оттоп бараткан боз токтуну «киши» деп алып:

— Тукуму куруп кетсин онун! Оган биз де бир, ит де бир болды,— деди.

— Ушинткенибизди билер дейсиңби? Табагын ыргыт-кандан көрө кылганын көзүнө айтканыбыз жөн эмеспи?

Ушуну айттым да бекер урганча мен бир аңгемеге салып кеттим. Илгери бир бай оруска жүрүп, тамакка кенелгенимди кеп урдум. Байдын кеңирилигин, молдугун айта келип, угуучумдун көз алдына не бир түрдүү тамактын жети атасын тизип өттүм. Булардын ичинен көбүнчө бал менен майга түрдөп бышырган ширин нандар кулагына жагымдуу тийип жаткандай болду. Жамат менин сөзүмдү ыкласы менен тыңшап туруп, улам шилекейин жерге түкүрүп коёт. Бир кезде:

— Токташы! — деп мени төшкө түртүп алып, көзү чакырая .түшүп: — Каскыр улып жатыр,— деди.

Тыңшай калдык. Элсиз талаада, көрүнбөй муңдуу кылып улуп жаткан топ карышкырдын чуусу чыкты. Менин уккум келет. Экөөбүз койдун эки чети менен тез жүрүп отуруп, алдына чыктык. Эчтеке көрүнбөйт.

Талаа көңүлсүз. Мелтиреген эни-чени жок боз талаа. Күндө көргөн күнүң бир калыпта болот да турат. Эч бир өзгөрүш, жаңылык жок. Бар көргөнүң аңгыраган боз талаада жайылып жаткан кой. Абактыда жатып зарыккан туткундай ичиң бышат. Кулак кескендей жымжырттыктын ичинде кечки күнгө чагылышып, көзгө бүлбүлдөгөн закымды карап туруп, ар кыл ойго кетем. Ушул күндөн кетсем, алдан бир жаңылыкка кабылчудай болом. Бир калыптагы жымжырттык бузулуп, тезинен бир жаңыдан дүйнөгө кезиксем дегендей болом. Бул өмүр бир көңүлсүз, супсур көрүнөт. Кээде кыялданып келип жакын арада мындан куткара турган алдымдан бир белгисиз эркиндик элестеп тургандай толкуп, өзүмдү бактылуу сезем. Ушундай белгисиз ойлорду эш кылып, кезек-кезек койдун четине Жамат экөөбүз баш кошо калган жерде, мен:

— Ушул күндөр бат эле өтүп кетсечи? — же болбосо: —жакында жазды көрөр бекенбиз! — дегенди айта берер элем. Жамат мунумду жаратпайт.

Дагы бир күнү ушуну кайталап айтканымда:

— Ай... Акмаксың да... Өмириңдин тез өткенин тилейсиң,— деди.

Ошол замат мен:

— Тез өтпөгөндө ушул өмүрүңдүн эмнеси кызык сага? — деп жооп күткөндөй бетине карадым. Муну айтып коюп, артынан, «ушул өмүргө өзү ыраазы болсо керек» дедим ичимден.

Тамак өпчап. Жарытпайт. Бир күнү жаныбыз кашайып, боз үйдөгү алабакандан эт кесип алып, чокко бышырып жедик. Жатаар кеч болучу. Үч баканды туурасынан коюп, туздаган этти шыкай илген. Казы-карталар сүрсүп, тоңгон муздай буртуюп турат. Жамат байпагынын кончунан учтуу бычагын сууруп алып, ар кайсысын бычактын учу менен түртүп коюп, анан мага карап туруп:

— Куның кеткен ит, мыналардан бизге кыштай бир тистетпеди ал!

От май каңырсып, үйдүн ичин каптап кетти. Жамат этти аралап, али кобурап жүрөт.

— Көзү тоймаган кунсыз! Өзиң бермеген немени биз бийтип жетик. Эң болмаганда сорпаның майын да калпып аласың. Биз болсок, аязды-аяз билмей мыңдаган койдың артында сандалып ач жүрмиз. Сен болсоң барин жыланша сорып, ырахаттанып ыстык үйдө жатасың...

Дагы бир түнү ушинтип жатсак, майдын жыты менен келип, катын көрүп койду. Караңгыда ары жакта өзүнүн там үйүнөн басып келип, боз үйдүн жыртыгынан шыкаалап, көзүн жылтыратып туруп:

— Бул силердин эмне кылып жатканыңар? — деди. Унчуккан жокпуз. Жамат экөөбүз бир-бирибизге карадык да тим болдук. Катын кирип келип, бир эсе бакан-дагы этке, бир эсе отко карап алып:

— Андай кылбай жүргүлө! — деди жүзүн суутуп. Ушул жерде бир түтүн казак отуруучу. Үйү биздин кой короонун артында. Үйдүн ээси кыркка жакындап калган бир жесир катын. Он экиде бир эркек баласы бар. Экөөнүн маңдайына бүткөнү бир ноопаз, үч кой. Жамат экөөбүз кээде түн ичинде бошой калганда барып калар элек. Катын ачык-айрым, жалпылдаган неме. Биз барганда бүлөсүндөй ачылып, жапылдашып калат. Биз да жыргап калабыз. Кээде жарым түнгө чейин кобурашып отура берип, түндүн кандай өткөнүн да сезбейбиз. Кыштын узун түнүндө капкайдагыны кожурашып отуруп кайтканда тойдон таркагандай, көптөн берки черибиз жазылып, сергип калар элек. Эрмегибиздин көбү жесир катындын баласы болучу. Кээде Жамат экөөбүз ушунун талаадан ноопазын минип, кетип бараткан жеринен кармап алып, өлөң айттырчубуз. Баланын төрт-беш ооз бир өлөңү бар:

Ойда жок келем деген осы жайга Кедейлер жалданып жүр бирден байга. Каңгырап, жетим-жесир сая таппай, Биз болдук быйылкы жыл ар бир сайда...

Ушуну айткан сайын энеси:

— Осы карагым аман жүрсө болды маган. Куу дүние кимге опа болар дейсиң... Айналайын карагым! — деп коёр эле.

Бир күнү Жамат экөөбүз келип, ушунда жарым түнгө чейин отуруп калдык. Ары жактан дагы бир байдын койчусу келди. Баары беш-алты кишидей болдук. Мен эшиктин алдында каптагы тезекти жамбаштап отурам. Коломтодо чок күйүп болуп, акырын гана карарып, күңүрт тартып барат. Үйдүн ичи кобур-кобур. Аңгеме жүрүп отуруп, бир иретте биздин кожоюн катынга да тийип өттү.

— Апырым ав, тамак сога кайтип сиңеди экен ширкин!.. Өзи типти бир кыймылдамай отурады гой,— деп калды жесир катын, Жамат экөөбүзгө кезек менен карап.

— Ийе, үйдөн жылмайды.

Катын бул жөнүндө кепти узартып калды:

— Өзи де бир адамга жылдызы жок, түгин салган неме экен. Осы алты айдан бери авыл отырып бири-биримиздин үйимизге кирип көргөн жан эмеспиз. Адамдан осынша безген не деген жан өзи? Онан баскалар казан асбаяк, соган күнү калып отурган жок гой. Сол куу пейил неме сендерге да жөнди тамак бирмес ав деймин...

Эми муну таштап коюп өлөңгө кирдик. Баарыбыз кезек менен айтууга убада болду. Буга мен унчукканым жок. Адегенде жесир катындын баласы баштады. Баягы биз угуп жүргөн өлөң. Мага кезек келгенде:

— Мен билчү эмес элем,— деп тарткынчыктай баштадым эле:

— Ие билесиң, айт! — деп жаалап жиберишти. Аларга кошулуп Жамат бир жактан:

— Кыргызыңша жырла,— деди мени карап жыл-мыйып. Кызып турган соң амал жок, бирдеме дедим.

Кулдурап көзүм тунарды, Жакшылык болор күн барбы? Кимге айтамын ким угат, Ичимдеги арманды? Ар кимибиз бир сайда, Адашып калдык ар кайда. Амал куруп турганда, Кимден болот бир айла?..

— Басе, сенде бар! — деди бирөө мен айтып токтогондон кийин.

Менден кийинки кезекти таштап коюп, мени менен эми таанышып жаткандай тарыхыма кирип кетишти.

— Бу жерде кимиң бар сенин? — деди жесир катын мага үңүлүп карап. Айтып бердим. Менин ар кай жерден сүйлөгөн, чачыранды сөзүмдү, алар дитин салып угуп турду.

— Жериң каерде деги?

— Каркырадан бир күнчүлүк ары —Ысык-Көл деген жер болот,— дедим.

— Нече күңдө жетеди? — деди ары жактан келген байдын койчусу.

— Билбеймин. Бияктын жолун көргөн эмесмин.

— Каркырадан ары күндүк болса, бу жерден Каркырага үч коңуп жетеди. Төрт күндүк жол экен,— деди Жамат менин сөзүмдү түзөтүп.

— Бу жерде карасатын жакының жок экен да? Энди жериңе кете алмай калганың гой?

— Көрөбүз го...

— Аман болсаң, болганы бейшара! Эр жетип алсаң бир күнү сартты тастап кете берерсиң...— деди жесир катын мага жаны ачыгандай.

Булардын сөзүнөн корутунду чыгарганда бүгүн бул үйдө менден өткөн шордуу жок сыяктанып көрүндү. Ушул отургандардын эң шордуусу мен болуп, алар мага караганда бир бакыттуу немедей туюлду...

Бир кезде тышка чыктык. Жылдыздарга карасак түндүн далайы болуп калыптыр...

-------------------------------------------

Жаз чыгары менен Армолдонукунан койду бөлүп, тоого чыгарып кеттик. Эртең кой менен кетем деген түнү мен, таң атканча чырм этпей какыйып чыктым. Улам бир жагыма оонаймын. Уйку жок. Түн — жыл көрүнөт. Бүгүн таң атса бир бакытка жете тургансып, көңүлүм толкуп, алда кайда бир белгисиз нерсеге сүйүнгөндөй болом. Түн караңгысында, көзүмдү бир жумбай кыял басып, жалдырап, карап жатам. Тышта бирдемелер шыбыр-шыбыр болуп, кайра басылып калат. Катарымда жаткан Жаматка караймын. Ал жаман тонун баса жамынып эчтемеден капары жок корулдап, уктап жатат. Мага караганда, бул туткунда калган бир бактысыз немедей көрүнөт. Анын келерки тагдырын ойлоймун. Ай бечара!..

Эртең менен койду айдаганы жөнөп жатсам: — Кош энди. Кыштай даамдес болдук...— деди Жамат.

XXII

Кийинки жылы Мамирмазин коюн өз колуна кыш-татты. Күндө тоого жаям.

Ушу жылы күздөн тартып, эчкиге кара өпкө келген. Мамирмазин эчкилүү бай, койдон эчкиси көп. Эки, үч ай ичинде кара өпкөдөн бир тобу кырылып кетти. Быйылкы кара өпкөнүн тушунда мунун көбү эчки болуп калганы, менин таалайымдан болгондой көрүнөт. Ар бир эчкинин өлүмү жаныма ийне жанчкандай батат. Талаада жүрүп бирөө кекейип, оттобой туруп калса анын айыгып кетишин күйөрман кишимдей тилеймин. Кожоюндарым бул кырсыкты менин каражолтойлугумдан болгондой, менин ичимде бир ала курт бардай көрүшөт. Мамирмазин өзүнүн багына кирип мага күндө бир жаңы таяк кесип чыгат. Күндө таң эртең короодон чыгып баратканымда: «Капыр ушунун эмнеси бар» деп күмөн санагандай, ала көзү менен артымдан карап калат. Анын шектенип карап, акырайганынан атып жибергени жеңил өңдөнүп, эшиктин далдаасына киргиче беш саржан жер алыс көрүнүп, кыйпылдап отурам.

Бир күнү кожоюнумдун бир жакшы көргөн кара төбөл эчкиси талаадан ооруп калды. Эртең менен болучу. Бир кезде карасам, көзү өлүмкү тартып, чөп кыркпай кекирейип, койдун бир четинде туруп калыптыр. Эчкилеринен муну бөтөнчө жакшы көрүүчү.

— Эчкилердин көбү ушунун тукуму. Ак жолтой өзү,— деп катыны кеп салып отурар эле. Чөп жесе жазылып кетчүдөй, артынан дедектеп туруп калган жеринен улам козгоп айдап коём. Ал көңүлдөнбөй туруп, башын жерге жакын алып барат деле кайтып «жок, жүрөгүмө барбайт» деген немече бир тал чөп кыркпай, көзүн үргүлөтүп, кайра кекейип туруп алат. Кечке алек болдум.

Кечинде мен барганда Мамирмазин тышта туруптур. Алдынан чубап, кирип бараткан койго көзүн алактатып кыдыртып, өткөрүп жиберди да, кирпигин тез-тез кыйпылыктатып:

— Бүгүн аманбы? — деп сабырсыздык менен мага карады. Ошо замат жооп бере койбой басып баратып таягым менен тай туягымдын карын кың эттирип, кагып калып:

— Кара төбөл ооруп келди,— дедим кылмыштуу немедей болуп.

Мен койду короого камап, эшигин бекитип жатканымда Мамирмазин үйүнө кирип кетип, катыны менен күңкүлдөшүп калды. Катуураак сүйлөгөндө сыртка угулуп туруучу. Катынынын жашы кырк чамасында. Чекеси, көзүнүн тегереги, эки жаагы калың бырыш. Бети жайык, эрди жука, көзү акылдуу адамдыкындай караган, тилдүү неме. Эрине караганда бул ойлонуп сүйлөгөндөй сөзү салмактуу. Көздөгөнүнө жеткирип айткан уу тили бар.

Эшикте жүрсөм, аш үйдөн бир кезде:

— Бул капыр кара жолтой болду го? — деп алып артынан — аркыны тамак ич деп кой? — деди катыны.

— Кимди? — деди кызы.

— Муканды.

Булар бизге өздөрүнчө ат коюп алган. Эшпайды — Эшан, Беккулду — Беки, мени — Мукан, Ашымканды — Ашы деп чакыруучу.

Кирип, эби жок колжойгон чокоюм менен эшиктин алдына, сары чылапчынга жакын барып отурдум. Башынан энчилеп койгондой менин ордум дайым ушул болучу. Мамирмазин, катыны, Мукбул, эки кызы, эркек баласы болуп төрт-беш киши бийиктиги карыш келген жапыс үстөлгө тегеректеп отуруп алып, жабырап, тамак ичип жатышкан экен. Беккул менен Ашымкан жок. Суукта, жылууга кирип ысык кесме колума тийгенге боюм чымырап, сүйүп барат. Кесме ортолоп калган кезде эки жаагымдан самсаалап тер кетти. Улам агып келе жатканда тонумдун этегин кайрып келип сүртүп коём. Тамак ичип жатышып, эшиктин алдында отурган мага катыны экөө кезектешип, анда-санда бир суроо берип коёт. Мага карышкыр көргөндөй карашат. Баарынын алдында байлаган койдой мен отурам.

— Бул эмне, күндө бири ооруп келет? — деди бир кезде Мамирмазин мага карап кабагын түйүп.

— Мен кайдан билейин. Малга келген бир кырсык да...

— Өлүп отуруп бүтө турган болду го! Бу сенин эмнең бар? — дейт катыны.

— Эчтекем жок...

Мага билдирбей өздөрүнчө кобурашып кетип артынан:

— Сен бирөөгө кошуп кайтардың беле? Айтчы ошону! — деди Мамирмазин.

— Эч бир койго кошкон эмесмин.

Биз ушинтип отурган кезде короодон бир эчки бакырып калды. Тамак ичпей таш ичкендей болуп, колумдагы ашымды таштап жиберип тура жөнөдүм. Баягы кара башыл эчки! Мен жеткенде дагы бир бакырып, буттарын бир-эки ирет серпип алды. Артымдан Мамирмазин жете келип:

— Эмне болуптур? — деди көзү бакырайып. Ага берчү жооптун ордуна, өлүп жаткан эчкини көрсөттүм...

Ошондон кайтып үйгө келгеним жок. Өлгөн эчкини жайлаштыргандан кийин бардым да баягы Бейшемби өлгөн тамга кирип, караңгыда түйшөлүп барып жата кеттим.

Эртеси Мамирмазин мени багына ээрчитип барып, өрүктүн жыгачынан бир таяк кесип берди. Таяк бутактуу кадимки дубаналардын аса-мусасынын өзү! Аны берип жатып:

— Сага кандай таяк түтпөйт кысталак! Ме мына муну бысмылда деп тутуп, сындырбай алып жүр. Мындан бөлөк таяк алба! — деди.

Койду жайып кете бердим.

Мен мынабу кырдан аша бергенде, тээтиги маңдайда алыста жыбырап кой жайылып жаткан бадалдуу бийиктен бирөө заңгырап сайды көтөрүп коё берди. Тааныймын — Жоломан. Бул өзөндө мындай обон салган койчу жок. Кандай алыста, кайсы кырда жүрсөм да мунун үнү белгилүү — баягы экен дейсиң.

Бул Элакун деген байдын койчусу эле, өзү казак. Кайтарган кою миңге жакын. Жоломан бир топ менден улуу да, чоң да, мага караганда көптү көргөн, көөнөргөн немедей. Бирок ал мени баласынтпайт, мамилебиз теңтуш кишилердей. Экөөбүз кошулган жерде көптөн тааныш немече бирибирибизден кенедей сыр жашырып калбай сүйлөшөбүз. Кээде койду токтотуп жайып таштап кезек менен жомок айтабыз. Жоломан ошондой, ал канчалык айтып жатса дагы бир түгөнбөй улам ары жагынан табылып тургандай болот. Өзү болук кызыл жүздүү келген бети топтоголок, көзү кыраандай жайнаган эр көңүлдүү неме.

Анан чиркиндин обону! Чынымды айтайын, мен андай обонду экинчи бирөөдөн укканым жок. Мунуку өзгөлөрдөй жалгыз гана адамды жашытып, ичке муң түшүргөн кайгылуу карандай арман эмес. Кайта көңүлдү көтөрүп кайгыдан алып кайрат бергендей эркин эле. Үнү алда-кайдан таанымал. Бадалдуу бетке миң койду жайып таштап, өзү тоонун кылда башынан таягын таянып эңиштеп туруп алып, теңи жок бийик уккулуктуу коңур үнү менен сайды жаңыртып бирде көтөрүп, бирде калтыратып барып, салып кеткенде дүйнөдөгүнүн баары мырс этпей, жалгыз ошону тыңшап тургандай болуучу.

Ушунун обонунда бир терең сыр бардай, кечке жакын сайды жаңыртып салган эркин обону менин жүрөгүмдү козгоп, касирет-кайгыдан бошотуп, алдакайда көтөрүп сергитип таштачу. Атам замандан берки армандын күнү бүтүп, эми алдан бир белгисиз эркиндик элестеп тургандай болуучу.

Жоломан күңдө ушул. Кээде күнгөй-тескей болуп койду бет маңдай жайып таштайбыз. Койлор табылгынын арасында тескейдин карын тээп, айлана жымжырт тартып мыдыр этпей токтоп калган кез болот. Ошол кезде Жоломан акең заңгилдин башына туруп алып бир коё берет дейсиң! Ошо мүнөт талааны безеп турган таасирдүү бийик үнүндө бир түрдүү сыр бардай. Мени сагыныч жайлап, көңүлүм толкуп алда кандай бир белгисиз талапка талпынгандай боломун. Экинчи чыкпачудай мунарып батып бараткан күн ого бетер таасирленип алда кайдагы өткөн күндөр эске түшүп, дүйнө бир пулдук көрүнүп, өмүрүм түштөй элестеп, алдымда бирдемелер каршы туруп алгандай болор эле.

Бир күнү Жоломан экөөбүздүн козубуз кошулуп кетти. Мен койдун алдына жаңы жетип, бөлүп таштайын деп жатсам ал:

— Бара берсин, кечинде бөлүп аларбыз,— деп койду. Койлорду жогору каптатып жиберип өзүбүз сайдын аягында калдык. Бекер турганча көр-жердин башын чатып, аңгеме козголду. Экөөбүз тең таягыбызга өбөктөп бет маңдай турабыз.

— Сага кожайының калай карайды? Тамакты үсөн деп берем? — дейт Жоломан.

— Жарытпайт. Бир жез тырмак келини бар. Менин күнүм ушунун колунда. Кишинин ачка жүргөнү менен жумушу жок. Былтыр кичине түзүк эле. Быйыл эгини болбой калгандан бери ого бетер куну кетип калды. Той-соң да, тойбосоң да бир чыны кесме. Эчкисине кара өпкө келе баштагандан бери мындан бетер куну кетти. Сеникичи? — дедим мен жогору карай өрдөп бараткан койду карап коюп кайтып анын бетине карап.

— Меники эртели-кеч эки убак тамагын тойгуза береди. Тамагы кеңири. Азыкты гана аз алам...

— Анда жакшы экен.

— Сен, усу Мамирмазинде дагы эки-үш инилерим бар деп эң кой. Оларыңдын күнү не болуп жатыр? — деди Жоломан, бир аз үнсүздүктөн кийин.

— Аларды мен анда-санда гана бир көрөм. Кечинде барып жатып калам. Эртең менен өзүң өңдөнүп таң заарынан чыгып кетем. Кээде тамак ичпей кетсем да унчугушпайт.

Көзүн ирмебей бир азга бутун тиктеп ойлонгонсуп туруп:

— Сага солоруң кыйын экен гой! — деди.

— Ооба, баарынан ошолордуку кыйын...

— Эч нерсе эмес...

Ушул шаарда Ахмед деген дагы бир койчу бар эле. Өзү отуз бештерден ашып калган. Алыстан караганда байкалбаган, берекесиз сакалы бар, жапалдаш сары жигит. Жаңыдан бир асыл буюм таап алып кубанып турундай кыбыңдаган көзү дайым күлүп туруучу. Ак-Сууда бул малай жүрбөгөн уйгур аз. Койчулардын арасында биз муну көптү көргөн бир карыядай көрөбүз. Койду кандай жерге жайса токтоорун, асманга карап алып күндүн ачылаарын, бороон болорун, карышкырдын кай мезгилде түлөөрүн — баарын беш колдой билет. Колу май-да-барат иштерге чебер. Жанынан ийне үзгөн жан эмес. Кементайын, шымынын жыртык-тешигин талаада отуруп өзү жамап алат. Качан да болсо кементайынын ичиндеги жеңи чолок жамаачылуу кара күрмөсүнүн бир чөнтөгүндө ар түрдүү курак жип, кийимдин өөндөрү жүрүүчү. Кээде кементайын чечип, күрмөсүн, шымынын алаасын, кашаттарын көрсөтүп:

— Мине, осыларды өзүм жамап алдым. Катыным болмаган соң кайтесин? — деп жылмайып күлүп коёр эле. Ишмекер катындардыкынан мунуку түк айырмасы жок. Жамаачыларби менен кыйышып тигиштери жымылдап турат.

Жоломан экөөбүз турсак, бул күндөгү адатындай:

— И, турган экенсиңдер,— деп тетигиндейден күлүп жаңкы жерде бизге басып келди.

Үчөөбүз кошулгандан кийин, койдун артынан басып жогору карай жүрдүк. Сайдын орто жерине барганда кайра кыялап, жонго чыктык. Ахмед кобурап барат. Бир кезде көзүн шыкшыйтып чыгыш жакты карап алып:

— Бүгүн боран болар мекен а? — деп койду.

— Жонго чыгып бир чоң кара таштын түбүнө кобурашып, бир аз отургандан кийин, ордумдан тура калып:

— Үшүп кеттик го — деп жибердим эле:

— Эндеше нан жесек жылынар бекенбиз? — деди Ахмед өзү да баятан бери менин абалымда турган немедей.

Ахмеддин жүзаарчысын жайып коюп белге түйгөн бирден наныбызды чечип алып үч жактап туурап кирдик. Наныбыз бири-бирибиздикинен оодук кыйдыгы көп эмес. Ахмеддин наны саал жукараак экен. Анын үстүнө четинен кетип жеп коюптур. Жоломандыкы калыңыраак, айтор эмнеси болсо да баары тең ортого түшүп кетти. Эми мындан аркысын темпке карай ар ким өз багыбыз-дан көрмөкпүз... Кеч кирип келе жаткан кезде Жоломан экөөбүз коюбузду бөлүп алып жон ылдый жөнөп бердик. Ахмед өз жагына кетти. Мен алдыга түштүм. Жер алай-дүлөй түшүп, кардуу бороон дүйнөнү бийлеп турган. Бети-башыбызды тумчулап араң жүрүп келебиз.

Ошентип келе жатып, бир кезде мен артыма бурулуп карай бергенимде, бир үч карышкыр булак этип жонго чыга түшүп, так Жоломандын коюнун тушунан качырып сала берди. Мен көрө коюп чыйылдаган жапыс үнүм менен кыйкырып калдым эле бирөө жалт кайра тартты. Жоломан көз алдында болуп жаткан окуяны ошого чейин көрбөйт. Ал кулак мурдунан чолоо жер калтырбай тумчуланып, тебетейин көзүнө баса кийип алыптыр. Жерди карап келет.

Аңгыча эки карышкыр эки-үч койдун куйругуи жутуп жиберип, бирден койду бөлүп алып сайды карай зыркыратты. Жоломан ошондо гана көрүп, узап кеткен карышкырдын артынан айкырып эми жөнөдү. Карышкырлар алактап анда-санда жалп этип артын карай коюп, алдындагы койдун куйругун кызылала кылып кыйратып кетип баратат. Артынан кыйкырып кууп кетип бараткан койчуну тоотушпайт. Жоломан сайга кирип жакындап калганда гана карышкырлар койду таштап жиберип, аркы бетке аткып чыга беришти. Шашпайт. Кайта кылчактап карап коёт. Кар кызыл жаян болуп калды. Үч койду жаралап кетти. Бир койдун куйругу шеңирейип жартысынан азы гана калыптыр...

Эртеси келсем Жоломандын кабагы бүркөө. Бүгүн күндөгүдөй эрмектешип, сайда көтөрүп обон салган жок. Мага да көңүлсүз болду. Ал да унчукпайт. Кыязы кечээ кожоюну урган белем! Бети көгала, мойнунда бир айрык бар.

Кечке жүрүп бар айткан сөзү:

— Кечээ көрөр замат неге айгайламадың? — деди мага, кабагын бүркөп туруп.

— Айгайладым гой! Өзүң бөркүңдү көзүңө баса кийип алып эшитмедиң. Каскыр авелде үшев еди, ман айгайлап жиберген соң бири кайра тарткан. Оның үстүнө боранда давысым катты эстилмей жатты...— дедим мен казакчалап.

Ушу күнү кечинде менин коюма четтен бир жолбун кой кошулуп келди. Жоломандыкы эмес, бөтөн. Аны катыны менен кеңешип туруп, шарыяттан бирдемесине жөлөп коюп Мамирмазин түн ичинде союп алды. Бул күнү Мукбул үйдө жок болучу. Чоң шамшарын курчутуп жатып:

— Бар жетелеп кел, кудай өзү кечирет...— деди мага Мамирмазин. Мен койго баратып: «Ушунча малы туруп молдо башы менен ушундай кылат экен ээ» дедим ичимден. «Эгер эчкиси кырылбаса мындай кылбас беле?» деп жана оюма кетти.