← Узак жол 2/10

V

Кийинки жылы жайында Элебес мени Василий деген адамга малай берди. Уй кайтарам. Василийдики Түптүн аркы өйүзүндө, Чоң Булактын оозундагы түздөгү жалгыз үй. Аппак шыбаган үйү алда кайдан жаркырап, көрүнүп туруучу.

Биз аттаналы деп жатканда Бурмаке:

— Эми жакшы жүр, ушинтип оокат кылбасак анан өзүң үйдү көрүп турбайсыңбы? — деди мага.

— Барамын, кайта жакшы болот — дедим мен. Тышка чыгып, мени аяктап, учкаштырып жатып дагы:

— Деги эмне бермек болду? — деп Элебестен сурады.

— Айлыгы эки сом.

— Мейли, эки сом болсо да бирөө бекер береби,— деди, аттанып алган бизге шыкырайып туруп.

Биз аттанганда асман бүркөлүп, төбөдө бир кара булут ары-бери уюлгуп, жел согуп, күн салкындап турган. Анткени менен көптөн бери күн жаабайт.

Талаа менен келебиз. Береги биздин алдыбызда Башариндин көп ую жер жайнап жайылып жатат. Уйчу күн бүркөк болсо да кеч жакындаганын сезгендей узун камчысын булгалап, ышкырып, айдай баштады.

Элебес эзелтен жөнү жокко капачыл, күйкөлөк адам. Кезек-кезек тору байталды курсакка күрс-күрс теминип алат да, капалуу, күйкөлөң сөзү менен кейип өзүнчө бирдемелерди кобурап кетет. Бара түшүп, иренжиген түр менен чыгыш жакты мурчуюп бир карап алып:

— Кудайдын күнү да бир тамбас болду! — деп коёт. Мен унчукпаймын. Эки жакты улам алмаштырып карап коём. Элебес байталды жана бир теминип алат да:

— Кудай бизди эмине мынча кууратып жасадың экен...— деп кобурап кетет.

Элебестин күйүк сөздөрү эзелтен кулакка сиңип, көнүмүш болуп калгандыктан үйдөгүлөр аны көп элес да кылбайт. Өңү дайым ачуу дары жуткандай тырышып туруучу. Өзү буурул сакал болуп, карып калган адам. Бирок «бул неге мындай» деп, мен ошонун күйүк сөздөрүнүн тамырын издеп, далай ойлончумун. Ушундай болор-болбоско капаланып киргенде кээде Бурмаке: «баягынын ачуусу дагы кармадыбы? Дүнүйөдө бир жаркырап отурар күнүбүз болор бекен?» деп коёр эле.

Василийдикине күн бата бардык. Василий орто бойлуу гана курсагы чоң, челкейген адам. Көйнөкчөн болуп тышта жүрүптүр. Бизди көрө коюп:

— И, келди? — деди, муруту менен билинер-билинбес жымыйып.

Түшүп үйгө кирдик. Кире берген жерден, төркү үйүнөн чокуна турган сүрөтү көзгө учурай түштү. Мага бул анча таңсык эмес, мындай сүрөттөрдү Башариндикинен да көргөмүн. Тамаша мына бу керебетинин тушуна кадаган чоң, боз сүрөт экен. Өзү сансыз бир көп аскер: уруш, аты «Кыйратуу». Жоо менен алышып, мында бирөө кылыч менен качырып келип, бирөөнү салып жатат. Жоого тийсең ошондой тий! Бери болжогондо бир миң аскер, качкан жоонун артынан чубап, күркүрөгөн сууга жаңы кирди.

Василийдин мурду коңкойгон, узун бойлуу көк көз катыны, үйгө кирип келген сары баш жөжөлөрдү чыйпылдатып, «киш-киштеп» айдап салды да, мештен бир кара чөөгүндү сууруп чыгып, бизге шорпо куюп келди. Үч-төрт жумуртка, эки кескен нан койду.

Тамак ичип олтуруп, Элебес тигилер менен анда-сан-да бирдеме деп, сүйлөшкөн болуп коёт. Василий өзү кыргызчага тантыр-мунтур. Мунун бойго жеткен бир сулуу кызы бар. Бул үйдө кыргызчаны таза сүйлөгөн ушул.

Тамактан кийин Элебес аярдабай аттанып кетти. Чет жерде туткунга түшкөн адамдай бирөөнүн көзүнө карап, мусаапыр болуп, мен калдым. Жатаарда катыны мага бир таарды колтуктатып, өзү менден боюн обочо алып, сокур кишини жетелегендей оозгу үйүнө жетелеп, алып келди да:

— Ушундай жат,— деп бурчту көрсөтүп, кетип калды. Көрсөткөн жерине таарды жая салып, үстүмө тонумду жамынып жатып алдым. Жымжырттык баскан момураган жумшак түн. Менин маңдайымда, чабыранын ичинде, үрпөйүп, бир тоок жатат. Мынабу мештин түбүндө мойнун куркуйтуп жаңыдан чөгүп жаткан каз болсо керек. Ошол арада, караңгыда көрүнбөй «мыяулап» дагы бир мышык жүрөт.

Бир аздан кийин ай көтөрүлдү. Терезеден тийген айдын шооласы үйдүн ичин жаркыратып жиберди. Тыш тыптынч, үйдүн жанында, жайдак короодогу уйлар эбак жуушап калган; бери четте, арткы буттарын ирээтсиз керип жиберип, эринип, дардайган бир күрөң уй жатат. Ушул кезде дүйнөдө шырт эткен шыбыш өчүп, Василийдин деңиздеги аралдай жалгыз үйү, толкунсуз көлдө токтогон кемедей каалгып, мемиреп турду.

Эртең менен уктап жатсам бир кезде Василий мени түртүп ойготту да, уйкулуу көзүм менен жетелеп алган бойдон кетти. «Кайда алып барар экен?» деп, жетелеген жагына кетип барам. Ээрчитип отуруп, үй артындагы арыктын боюна алып барып, агып жаткан сууну колу менен жаңсап көрсөттү да, мени таштап коюп, кайра кетти. Анын оюна эми түшүндүм. Мунусу бетиңди жуу дегени окшойт. Анын артынан: «менин эмнемден жийиркенди болду» деп бир ойлоп алдым. Эртең мененки жаңы салкын сууга жуунуп, кир көйнөгүмдүн этеги менен будалап, сүрткөн болдум да короону тегеренип кайра бастым. Катыны уйду саап коюп, үйүнө кетип баратып, мени көрүп, чала бурула калды да:

— Айда, тамак ашасенчи,— деди.

Кечээкидей жерге отургузуп тамак берди. Тамактан кийин тышка чыгып баратсам, Василий эшиктин алдынан колумдан кармап, токтотуп алды да, уйларды кайда кайтарууну түшүндүрдү. Бир топ уккандан кийин мен:

— Билем,— деп башымды ийкедим.

Асман кирсиз ачык. Күн бүгүн кандай көңүлдүү тийген! Отузга жакын уйларды алдыма салып алып, Түп суусун бойлоп төмөн карай кирип кеттим. Жалгызмын. Көңүлсүз, киши эриге турган. Эки жагыма караймын. Бирок, мага көрүнгөндүн баары алыста. Тээ береки мунарыктаган, алда кайда бир түздө өгүздөрүн өңкүлдөтүп ары-бери чапкылап ойноп эки койчу жүрөт. Койлорун ийрип, жуушатып салыптыр. Андан ылдый, сай боюнда көп уйду камап таштап эки киши отурат. Тиги бирөө сайдан чыгып бараткан уйларды таш ыргытып, кайра тосуп салды. Кандай ырыстуу немелер деп, ойлоп коём. Бирок барыш мүмкүн эмес, алыс, чоң суунун ары өйүзүндө, жана күкүк болуп, суу кирип жаткан.

Көп болду. Уйлар токтобойт. Күн ысыганда ого бетер тынчы кетип, куйругун шыйпанып, чычаңдап, сайгак-тай баштады. Ошол арада мен бар уйду жыйнап айдап келип көгөргөн бир иримге туюктап, камап салдым да, өзүм бир жагынан тосуп туруп алдым. Ошого да болбой, өлөт алгыр бир кызыл уй чычаңдап, мөңкүп барып токтой калып, куйругун шыйпанып, тумшугу менен арткы бутун бир жыттап алып, туруп-туруп, топ-топ бөлүнүп, өкүрөңдөп алып, жүрүп бербеспи! Аңгыча болбой бар уй чакчелекей түшүп, кызыл уйдун артынан жана бир тобу сырактап жөнөп берди. Жоо тийгендей чачылган уйлардын кайсы бирин тосорумду билбей туруп калдым.

Эртең менен короодон чыгып баратканымда кожоюнум:

— Балчелекке жибербе, ато жиберсе...— деп, сөөмөйүн көрсөтүп калган. Ошол эсиме түштү. Айткандай, кара ниет кызыл уй түз эле ошол төштүн түбүндөгү балчелекти көздөй салды. Башкаларын унутуп коюп, мен да жалгыз ошонун артынан түштүм. Ал куйругун чычайтып көтөрүп алып, өңкүлдөп кетип барат, мен артынан калбай безилдеп, кууп барам.

Балчелектин тегереги кеминде кырк теше келген чөп чабыш. Мунун бир чети тоого такалат да, экинчи чети Василийдин үйү. Чөбүнүн калыңдыгы атчан киши кирип кетсе бойлогус. Кызыл уй такырдан өтүп, ушу жерге жакындап калган. Бара түшүп, белден келген чөпкө кыл-кылдап, кирип кетти. Мен кызуу менен жүгүрө берип, балчелекке кандай жеткенимди да билбей калыпмын. Күн ысып, аарылар ызылдап, чыгып жаткан кези экен. Бир кезде сол көзүм тыз эте түштү. Жанталашып чапкылаганча болбой, ачышкан немедей жана бир тобу ызылдап келип, талап жиберди. Аары чаккан көзүм бир заматта бултуюп шишип чыкты. Уйга ушул жерден араң жеттим. Бир абийири: балчелектер аман калды. Оозумдан кара суу келип, жүрөгүм аттай дүкүлдөп, кыйындык менен дем алып күйүгүп кеттим.

Кызыл уйду кайра тосуп келе жатсам, артынан жандай бир тобу күшүлдөп жетип калыптыр. Кошуп айдап алдым. Калганы ой, тоого чилдей тарап кетиптир. Экөөнөн башкасын ар кайдан терип жүрүп, зорго жыйнадым.

Василийдикинде эки айга жакын жүрүп калдым. Бирок, кийинчерээк өзүм калжырап, жүдөп кеттим. Тынчтык жок, кечинде үйгө келгенде да катыны тындырбай көр-жерге жумшай берет. Үстүмдөн тамтык жок. Эзелтен жуулуп көрбөгөн адырайган, тегирич шымым дал-дал бөлүнүп, кири муздай колдоюп, такымымды кызартып, өйкөп жүрөт. Боз көйнөгүмдүн этек-жеңдери бөлүнүп, туш-тушка самсаалап кеткенинен, кай бир мүмкүн болгон айрыктардын учун бири-бирине түйүштүрүп алгамын. Ошентсе да өзгөрүп кеткен жери жок. Ушул абалымды атасына жеткирээр бекен деген ой менен Василийдин баласына бир күнү ээн алып отуруп, айтканым да бар.

— Ушундай жүрүп кантип чыдаймын? Эгер эски-ускуңардан кайрылышпасаңар мен кетем,— дегемин.

Мунун жообун бир күнү тамак ичип отурган кезде алдым. Тамак ортолоп калган кезде, Василий шорпо ичип жаткан кашыгын коё коюп, мурутун бир сылап алды да, обочо жерде, тамак ичип отурган мага бурулуп:

— Ала турган акчаңа сенин өзүңө кийим алып берейинби? —деди.

Мен аз ойлонгонсуп калып:

— Анда болбойт го,— дедим.

— Неге? — деди, балпаңдап чайнап жатып, токтой калып. Катыны да менин жообумду күткөндөй тыңшай калды.

Анда кайта мага жаман болот го,— дедим мен шорпо ичип жаткан кашыгымды жерге коюп жатып.

Мындан кийин алар мени таштап коюп өздөрүнчө, кобурашып кетти. «Айтор эмнеси болсо дагы мен тууралу сүйлөп жаткан чыгарсыңар» деп ойлоп отурам. Бир топтон кийин мен жакка жана бурулуп:

— Анан Элебес эмнеге сага кийим бербейт? Биз кийимге сүйлөшкөн эмеспиз, Макул десең ала турган акчаңа кийим алып берем...— дегендей болду.

— Элебесте жок эмеспи,— дедим да бир аз ойлоно түшүп, артынан: — Эскиуску кийим кайрылышам деген убада болбоду беле? — дедим.

Мен тууралуу сөз ушуну менен бүттү да, алар өздөрүнчө кетти.

Эмненики экенин билбейм, ушул мүнөттө кызыл эзиле бышкан бир кесим этти алдыма коюп кетти. Мындан мурун бирөөлөр: «Орус сойгон эт арам болот, ал чокунуп мууздайт, жешке макирөө» дегенин уккамын. Эт алдыма келгенде бул сөз эсимде болсо да шек урбай жеп алдым.

Бир күнү уйларды короодон айдап чыгып баратып, күтпөгөн бир окуяга туш болдум. Кожоюндарым үйдө тамактанып отурган. Мен уйларды короодон жаңы эле айдап чыгып бараткамын.

Ошондо кайдан-жайдан жеткенин билбейм, бир кезде асмандан далпайган бир жору тик ылдый шорголоп түштү да мен кыйкырып жеткиче болбой, мындай узап, жайылып бара жаткан каздын бир баласын лып этип илип алып, шып этип атып чыгып кетти. Мен өксүп калып, өйдө көтөрүлүп бараткан жоруга оозумду ачып, аңырайып калыпмын. Терезеден көрүп калышкан белем, Василийдин ачуулуу катыны декилдеп жүгүрүп келди да:

— Немне карабайсың? — деп менин бетимди аткып алчудай болуп, көзүн акшыйтып, алдыма какыйып тура калды.

— Жетпей калдым,— деп колум менен ишаарат кылып, жүгүргөн жеримдин аралыгын көрсөттүм. Ачуулуу неме эле:

— Ах ты, чорт — деп келип, кулагымдан бурдап алып, тартып-тартып жиберди. Колунан бир сапар бошой түшкөндөй болдум эле, кайтып жана жетип, желкемден муунтуп, кармап алып дагы бир топ шылып жиберди. Он жашар баласы — Петке мени жакшы көрүүчү. Ал өз тили менен:

— Эне, урбачы,— деп мени аяп турат. Бизди көрүп, дагы бир кызы, сары чачын сексеңдетип жүгүрүп келди. Терезеден бирөө карап турат.

Андан башка менден алары да жок. Чатактан бошонгон соң уйларды алдыма салып алып, күндөгүдөн алыс кеттим. Кечти гана күтүп жүрөм. Бирок мага бүгүн күн абдан узарып кеткендей болуп көрүндү.

Күн эртең мененкиден калыңдап, асмандан жылчык көрүнбөй бүтөлүп алды. Үшүп кеттим. Күн суук тартып келген кезде, бая күнү жаанда коргологон бир тумшук-тун учунда чоң кара таштын түбүнө барып, бир ууч болуп, бүрүшүп отуруп алдым. Бутумдун ачылган жерлерин улам этегимди чоюп жаап коём.

Көп болгон жок, береги бир казандай кара булут эңкейип, түнөрүп келди да көк тарс-турс этип, жаркылдап туруп, шатыратып келип, төгүп берди эле бир заматта чөптүн башы жылтырап, суу болуп кетти. Мен баягы таштын түбүнөн козголбой уйларды алыстан гана көздөп отурам.

Кеч жакындаганда бар уйду жыйнап, үйдү көздөй айдап жибердим да өзүм кайра тарттым. Максатым — качмак. Бул тууралуу мурунтан ойлоп жүрсөм да бүгүн шертиме чындап бекип алдым. Үй анчалык алыс эмес, көрүнүп турат. Менин жүрөгүмдү өйүгөн — жалгыз суу. Суудан өтсөм болгону, ары түн болсо да коркпоймун. Бирок суу мурункудан тартылып калыптыр. Тайыз. Шымды жоон санга чейин түрүп таштадым да, тобокел деп, кечтим. Адеп киргенде бир аз жерге энтиге түшүп барып, жылма таштардан тая-тая четине чыгып кеттим. Шыйрагым какшап калды. Ошондон багалекти түргөн бойдон шүүдүрүмдө жүрүп отурдум...

Айыл жайындагы конгон ордунда экен. Тезек түтүнү быкшып жаткан таанымал, кара үйгө эл орунга отура кирип барсам керек. Отту тегеректей отурган көп бүлөө мага жамырап, карай калды. Үйгө кирип отура элек жатсам, Элебес:

— Э караңгүн эмне келдиң? — деди бетиндеги бырыштарын калың жыйнай түшүп, кабагын чытып.

— Баласыңбы деген ошол атаң көрү... Аз калганда чыдап, айыңды бир жолу эле бүтүп келбейсиңби? — деди сырттан Бурмаке.

Элебес баягы көнүмүш көр жемесине салып, толуп жаткан эле мага тийиштүү бирдемелерди айтып жатат. Мен күнөкөр! Кулакты жапырып, тили жок бир дудук болдум да калдым.

Көптөн кийин Бурмаке:

— Койчу эми, байкуштун ичкенин аш кылсаңчы? Карыган аюу! — деди. Бул сөз мага бир аз бел боло түштү.

Бир кезде элдин катары менен мага да бир аяк жарма келди. Кайгылуу, жүдөө кабагым менен салбырап барып, аякты колума алдым...

VI

Жолчулар кыштагында.

Мындан бир нече күн мурун: «Ар болуштан төрт солдат алынсын. Алынган ар бир адамга төрт жүз сомдон акча берилсин» деп үйөздөн, болуш-болушка буйрук тараган эле. Ушундан көп узабай: «баягы Урманбет солдатка кетмек болуптур» деп угуп калдык. Ушунун аныгын билип келем деп, Бейшемби Көлгө кеткен.

Бейшемби келгенде биз кепеге чөп үйүп жатканбыз. Жанымжан үймөккө чыгып, Элебес жерден алып берип турган. Бейшемби түшүп атын байлай электе:

— Баягы ырас бекен? — деди Элебес, турган жеринде айрысын кармаган бойдон.

— Ырас...

Элебес айрысын чөпкө кынай сайып таштап, Бейшембинин жанына басып келди да эңкейип, кончунан чакчасын алып, өлчөп туруп оозуна бир тартым асмайды кагып жиберип:

— Кана, кеп урчу! — деди оозун бүйрүп, мурчуюп.

— Биздин Эрке Сары солдатка бир киши бермек экен. Ошого Урманбетти жазып бериптир,—деп келатканда Элебес:

— Болуш кармап бериптирби? — деп сөздү бөлүп калды.

— Иши кылып, жакшылар ошону эптүүлөгөн көрүнөт.

— Ал Көлгө кайдан барып жүрөт адам?

— Көп жылдан бери жедеп эриккен соң, быйыл элди көрүп келейин деп, бир башы ооп барып калган окшойт. Ал барган кезде жаңкыдай иш болуп жатыптыр.

— Деги, кайсы жерлерде жүрүп келиптир? Бейшемби кырчоодо байлануу турган атын бир карап алып, бартайган колдорун карсылдатып ушалап койду да.

— Бул жолу ырдыкта, дуңганда жүргөн жеринен чыгып барыптыр,— деп бир аз унчукпай ойлонуп калып, артынан мындай деди:

— Кеткени менен өзү кетпей элге чаң салып, жаман аттуу болуп кетмек болду. Солдатка жазылгандан кийин Караколго барып, келип алып жакшылардын атын жыгып минип, бүтүн Эрке Сарыны чаңдатыптыр. Жана солдатка кеткендерге төрт жүз сомдон бермек экен: анын эки жүз элүү сомун жакшылар олжолоп кетиптир...

Мунун баары кийин чын болуп чыкты.

Бул мындай болот. Бир күнү Жылуу Булактын боюнда жакшылар жыйналып топ кылып жатат. Ошол кезде Урманбет Аралдан аркыратып келет да, топтун үстүнөн чыгып көсөгөндөй барып, Ыбыке болуштун атын тала-шат. Ал жерден «муну кой, уят, башка самаган атыңды алып берели» дегендер болот. «Мындан бөлөк атты минбеймин» деп ал карышып жатып алат. Ошенткенден кийин, Урманбетти бир тобу жабылып урмак да болушат. Урманбеттин ырайымсыз түрүн көргөн соң, Ыбыке өзү да чочулап:

— Кой, эми бул капырды жайына койгула,— деп башкаларын тыйып коёт. Урманбет акем Ыбыкенин тору кашкасы менен зымырап жолго түшөт.

Ошол күнү эле: «Урманбет солдатка жазылып келип, болуштун атын миниптир» деген кеп, бүтүн Эрке Сарыга тарап кетет. «Эми Урманбетти болуштун кусуру урат» деп жорушат. Катын-калачтар болсо:

— Капыр, мындайды көргөн эмес элек! Өңгөдөн да ушул болуш акемдин атын мингени эмине жакшылык, ырымың кургур? Ушунча болуп, атын минмек түгүл, алдынан кыя баскан жанды көргөн жок элек. Эми анын кусуру урбай коёр дейсиңерби...» деп бир жагынан чуулдатып жөнөйт.

Ошондон кийин шашып калгандай Ыбыке дагы:

— Эми бу каапырга теңелип болбойт, андан көрө ал-дап-соолап тезирээк көзүн жоготкула,— дегенге келет.

Айтсак көп, анын бүлүгү тууралуу түркүн-түркүн эле сөздөр угулуп жатты.

Урманбет кетээрде Кызыл-Кыяга келип кетти. Кечке жуук эле. Айылдын алдындагы суунун боюнда топ бала болуп, ойноп жүргөнбүз. Ошол кезде карагер атчан, сур кийимдүү зыңкыйган бир солдат төмөнтөн чаап келди да биздин үйгө түштү. Мен тааный коюп:

— И, Урманбет келди,— дедим. Беккул экөөбүз жарыша жөнөп бердик. Артыбыздан бир аз элтейип туруп-туруп бир кезде Торгойакун да жөнөдү.

Биз келсек Урманбет үйдө жайланып, отуруп калыптыр. Баягы Урманбет эмес: үстүндө сур шинели бар, ичинде төш чөнтөктүү сур көйнөк, бутунда кычыраган жаңы, сары өтүк... бар кийими жарашып түптүз, типтик, чарчы бойлуу, зыңкыйган, бир сындуу солдат болгон да калган! Баягыда ушул жол менен Германияга жөнөткөн солдаттардан түк айырмасы жок. Жалгыз гана башында кыргызча көк көрпө тебетейи бар. Бу жолу алынгандардын баарына ушундай кийгизиптир. Бул кыргыздан алган солдаттардын белгиси сыяктуу. Менин көзүмө Урманбеттин кийимдеринин баары жарашып, алда эмнедей көрүнөт. Өзүнүн көңүлү да көтөрүңкү. Үйдөгүлөр менен мурункудай, дулуйбай, ачылып бажырашып отурат. Кыязы, менден мурун да бир топ сөз болуп өтсө керек.

Мен киргенимди эч ким элең кылбаган сыяктуу. Урманбет гана бир кезде, оң колтугунда отурган мага карап:

— Садага болоюн, өлбөсөң сен да бир адам болорсуң? — деп колдойгон эби жок, салмактуу колу менен жарылып кетчүдөй чебердеп, чекемден ылдый карай сылап койду. Бул сөздү эмне үчүн айтканын мен түшүнгөнүм жок, айтор не болсо да ырайымы түшүп турганын сезип, эреркеп, боюм жылып кетти.

Бурмаке бир кезде өзүн каптап быкшып турган кезек түтүнүнөн башын мындай буруп, Урманбетке карады да:

— Э балакетиңди алайын, болуштун атын минипсиң, ал эмнең? Бирөөнүн каргышына калып жүрбө. «Досуңдан душманың көп» деген. Антпей, тобо келтирип жүр алдыңа! — деди жумшак гана чын ниети менен.

Бул сөз Урманбетте бир бүркүм сууча даарыган жок.

— Колуман келсе аларга дагы мындан чоңду кылар элем.

Баятан унчукпай отурган Элебес, бу жерге келгенде аралаша түштү:

— Анан ошончо журттан барып көзөгөндөй Ыбыкенин атын мингениң эмнең? Элдин баары «мындайды көргөн эмес элек» деп, кеп кылып жүрөт. Ошонун түбү өзүңө жакшы болобу?..

Урманбет буга да чым эткен жок. Кайта кайратына келип:

— Мага башка эмес, так ошол Ыбыкенин өзү керек болучу. Атасынын көрү, өмүрүмдө өчүмдү бир алдым. Эми колунан келгенин эл менден аябай ак койсун. Мен болсом эрте көрө жүргөн кишимин,— деди.

«Мунусу текебердик болбос бекен» деген кишидей, Бурмаке ойлонуп калды да бир аздан кийин:

— Алдыңа кетейин, деги урунуп-беринбей, артыңды байкай жүр. Элдин каргышы деген жаман болучу. Өзүң алыска кетип барасың,— деген болду.

Урманбет Кызыл-Кыяга бир эле түнөп кетти. Эртең менен эле. Бүгүн күздөн кабар бергендей күн суук тартып, теректин жалбырактары куюлуп, жер бети сөөктөй кубарып, аба салкындап, чыкыроон тартып турган. Мынабу асманга төбөсү тийип тургандай, бийик заңгилди минип турган коюу, кара булут түнөрүп, улам калыңдап, бери карай чабуул жасап эңкейип келет.

Урманбет аттанып алган. Биз тышка чыкканда кошунабыз Байболот, ары жактан басып келди да, сол колу менен көзүнүн шоросун сүртүп жатып:

— Кош эми,— деп туурулган колун сунуп, ошо жерден таман ообой туруп жана: — Эми качан кетесиңер?— деген суроо берди.

Урманбет көчүгүн козгоп, оңдонуп отуруп жатып, дагдайган, кең көкүрөгүн жогору көтөрүңкүрөөк коюп, кайраттуу көзү менен кыраандай алыска карап калып:

— Ушундан Караколго барар менен жөнөтөт,— деди.

Атын камчыланып, эми жөнөй берерде, каргылданган үнү менен Бурмаке:

— Кош эми, алдыңа кетейин, кудай оң жолуңдан берсин! — деп карыган көзүнөн сымаптай мөлтүрөп, бетиндеги бырыштын изи менен кулап келе жаткан жашын жолдон тосуп алып, чертип жиберди.

Урманбет кайрат менен атын бир камчылап алды да жолго түштү.

Жогору бара түшүп, бир тумшуктан бурулуп кетип, ошо бойдон өмүрлүккө жоголгондой болду. Мен элден жалгыз калып, анын карааны жоголгуча жаңкы жерде таман ообой карап турдум да, көрүнбөй калгандан кийин бир аз туруп-туруп, үйгө кирип кеттим.

Түшкө жакын, чегедек жүктөп келебиз деп, күрөң өгүзгө учкашып алып, Бейшемби экөөбүз тоого кеттик. Сайда кетип баратып, адатындай зоңкулдап, Бейшемби ырдап коёт. Мындай чыкса кайталап ырдай берүүчү бир ыры бар эле. Бул менин да кулагыма сиңип калган:

Сулууну сулуу дейт экен, Сулууң да сулууң курусун. Суктантып жанды жейт экен, Жакшыны жакшы дейт экен, Жакшың да жакшың курусун, Жалбартып жанды жейт экен...

Бейшемби ушул ырын айткан сайын мен, жакшылар тууралу соңку үч жолдун маанисине түшүнө албай «жалбартып жанды жейт экен» дегендин себеби эмне деп, ойлонуп калаар элем.

VII

Кыш. Чилде түшүп, аяз барынча күчөп турган кез. Биздин үй жата элек. Бирок түндүн далайы болуп калды. Көп бүлөө бир үйдө коломтону тегеректеп араң сыгылып отурабыз. Менин бир тизем отко жетпей бүктөлүп сыртта калды. Ушундайда мына булар малдаш урбай эле отурсачы! Башарин попоросту дайым катынынан жашырып, биздикине келип тартчу. Мына мында башкалардан жогору болуп уңкуюп ошол да отурат.

— Кыргыздын үйүнө кирсе кишинин алды жылып, арты муздайт экен,— деп коёт.

Эне-атасынын эбак өлгөнү менен иши жок. Бекдайыр байкуш, берегинде көз жашын көлдөтүп, кардына бирдеме сурап отурат. Эң кичүүбүз ушул. Мындан башкабыз аз да болсо, бирдемеге түшүнүп отурган сыяктуубу

Жанымжан жеңебиздин (Бейшембинин зайыбы) кыялы башынан ошондой эле:

— Ыйлаба, көзүң аккыр! Утур эле сага берип отургандай мында толуп туруптурбу? — деп оттун табына кызып турган ысык кычкач менен Бекдайырды шыйрак-тан ары салып калды. Ал чочуган бойдон аткып, бутун тартып алып, чаң этип, ачуу дабыш менен бакырып жиберди.

— Алда караңкүн ай, Каныша өзү өлбөй эле, мени тирүүлөй бир бейпайга салып кеткен турбайбы, кокуй!— деп кейип Жанымжанга карады Бурмаке.

— Ыгы жок киришпей отургулачы ары! Булардын ата-энесин мен карызыма бердим беле? — деп, Жанымжан суук жүзү менен кайра атырылды.

Ансыз ичи бышып тура албаган, ушундай эле чыр-чатакты күтүп тургандай, эзелтен кайгы менен үйүр Элебес бир жагынан илип алып:

— Караңгүн ай, катыгүн ай...— деп ого бетер ырбатып жүрүп кетти.

Суук ырылдап турган колтугунун тешигин кымтып коюп, бүрүшүп, ыйлап отурган Бекдайырды көрүп, жаны ачыгандай Башарин:

— Ай, байкуш! — деп акырын гана унчугуп, башын чайкап, бурулуп кетип, артында турган сынык каш ээрге карады.

Башариндин ушул көрүнүшү биздин оор абалды түшүндүргөндөй эле. Бирок, бул анын сөз жүзүндөгү гана «боорукерлиги» го. Болбосо ушунчалык бай туруп, бир кайыры тийбейби? Биз жайды-кыш дебей Башариндин бар жумушун бекер кылып беребиз. Жазында чөп үйгөндө, кош айдаганда, кышында короодон кар тартканда мен атка минип берем. Ала жаздай музоосун кайтарам. Ошончолук эмгегим сиңсе да бир эскисин берген жан эмес. Быйыл гана баласынын бир кайыш курун көпкө асылып жүрүп, араң колго түшүрдүм. Аны да бир далайга сүйрөп, атасына кеңешип туруп анан берди.

Жанымжан болсо жайдыр-кыш дебей декилдеп, таң заарынан туруп барып, мунун уюн саайт. Жетимиш-сексен уй сааш оңойбу? Ушунун көбүн сааган Жанымжан. Уй сааганда болсун, жана башка ар кайсы жумуштарда болсун, бул арада Жанымжанга тең келген эч ким жок. Бул жагынан Башаринге жаккан. Уюн саап бергенде анын берери — машинадан чыккан көк кашка сүт. Ушул бир чака сүт үчүн кай жеринен жазып калаар экенбиз деп, бир Жанымжан эмес, баарыбыз анын көзүнүн агы менен тең айланып, самаганын кылып берер элек. Минтпеске арга жок. Анткени, бир үйдө каптаган топ бүлөөнүн ачтан өлтүрбй жанын алып калып отурган ушул бир чака сүт эле. Бир чака сүткө бир чака суу кошобуз, ал эки чака айран болот. Оокат!..

Башариндики быйыл Жанымжандын кызматына тоюп, анын баласы — Жумабекке бир эски бешмант берген. Бирок бая күнү келини Жанымжан менен бирдемеден улам уруша кетип, анын ачуусу менен Жумабекти талаадан кармап алып, чыңыртып басып туруп, бешмантын кайра сыйрып кеткен.

Жатар кез болду. Биз алты жетим бир жатабыз. Бизге төшөк салганда эч кимдин кабыргасына бата турган деле неме жок. Алдыбызга күндөгү көнүмүш кара кийизди жая салып, үстүнө бир жаман жуурканды таштай коёт. Бар болгону ушул. Эми башыбызга жеткен күнү тердик, желдик, тийип калат да, жетпеген күнү бу да жок.

Жаттык. Төрдө жаткан бирөө бат эле корулдап уйкуга кетти. Тышта кутурган бороон карды челип, ыргытып турат. Жел бардык күчүн жыйнап келип урганда, жаман үзүк делпилдеп, үйдүн жыгачтары кычырагандай болот, ирегеде чийдин бир жыртыгынан эрегишкендей борошо кирип, айдап алган карды коломтого чейин буркуратып таштап турат.

Беккул кереге жак четте жаткан. Ал да үшүгөн белем, бир кезде буту-колун жыйнап, бүрүшүп, бери жагына оонап жатты. Ошол мезгилде түнкү бороонго кошулуп, алыстан бир коңгуроо дабышы безеленип келе жаткандай болду. Дабыш улам жакындаган сайын катуулап келе жатат.

Элебес сак жаткан белем:

— Кокуй, жетип калды! — деп ыргып туруп, караңгыда керегеден бирдеме издеп жүрүп, кайсалап жүрүп мени ойготту.

Аңгыча болбой, бу жерге келип калганбы:

— Оо, Чодон! Оо, Элебес! — деп бирөө жолчуларды катарынан кыйкырып ойготту да, өзү токтобой зуулда-тып айдап кете берди.

Чыла жыттанган караңгы кепеде токулуу турган даяр аттарды мине коюп, биз да кечикпей жөнөдүк. Мен Бурмакенин чапанын чубалтып, тонумдун сыртынан кийип алгамын. Аттанганда этеги бутумдун учуна оролуп калды.

Ушундай калайман түшкөн караңгы, бороондуу түндөрде кулактын курчун алып, алда кайдан ызылдап келе жаткан коңгуроонун тириде жок, ачуу дабышы шордуу жолчулардын жүрөгүнө далай тийген. Аларды таттуу төшөктөн уйпалап, далай ойготкон!..

Кетип калган почтого сабап отуруп, ашуунун түбүнөн жеттик. Эми саал кечиксек, көргүлүктү ошондо көрмөк экенбиз. Кар найза бою түшкөн. Мындайда почтонун аттарын чубатып кошот. Күндөгүдөй кылып, аттарыбызды чананын алдына дароо кошуп жиберип, жөнөп бердик.

Атаңдын көрү, кыянат арам, почтонун өз аттары деле ойноп чыгып кеткендей экен. Көрчү, алдында бараткан бизди тепсеп кеткени жүрөт. Амал жок, «Улуктун иши — кудай иши», улук кылган соң чара барбы?

Ашуунун орто ченине келгенде Элебес минген тору бышты кашайып туруп алды. Бул шордууну Бейшемби бүгүн Башариндин көпөсүн тартам деп минип барып, курутуп келген. Муну көргөндөн кийин почтого бараткан төрө чанадан ыргып түштү да, Элебести чакырды. Элебес чанадан атын чыгарып, карга сорок-сорок сайылып төрөнүн жанына келгиче, ал бир жорук баштоочудай колун эптүүлөп, оңдонуп турду...

Чакыргандагысы ошол экен: Элебести аттан калпактай учурду да, жаңы жааган терең карга будалап, кечикпей узунунан салды...

Почто келгенде жолчулар кечигип, же ашуудан аты тартпай калса төрөдөн көрө турган сыйы башынан ушул. Бул жолчулар үчүн түбөлүк турган бир закон сыяктуу эле. Кечээ күнү Назыр бучук да жаман аты менен барып төрөдөн таяк жеп кайткан.

Биз ашуудан почтону чыгарышып, таңга жуук кайттык.

Ушунун эртеси бир кырсык болду. Күн бешим убак эле. Бир кезде кошунабыз Байболот:

— Э кокуй, Бейшемби, биздин уй менен силердин уйду Көлгө кууп кеткен турбайбы! — деп алактап биздикине кирип келди.

Байболот кырк чамасында, куйтуйган гана бекенек, чымыр киши. Чоң ачылбаган, бүтүйгөн, чылк каштуу көзү бар. Жүз камчыласа чым этпеген, казысы көнөчөктөй бир кашка айгыры болучу. Мунун «күлүктүгүн» ошондон баамда: кээде, баласын урам деп айгырын минип алып кубалаганда, жөө немеге жетпей калуучу.

Жаңкынын жөнү мындай экен: Мындан бир нече күн мурун Жылуу булактын оюнда өңчөй зөөкүрлөр бозо ичип отуруп мастыктан чатак чыгат. Чатак тышта баш-талат. Карымбай деген бир байдын баласы атчан бараткан бирөөнү чокмор менен көк желкеден ары берип калат. Ал ошол түнү кечке жатат да, жылдыз толгон кезде жан берет. Муну өлтүргөн жигит, биздин эл — Боордон, өлгөн жигит Жапак уруусунан болот. Ал өлөрү менен кун алабыз деп, бүтүн Жапак аттанып, таң аткыча Боордон жылкы тийип чыгат. Эртеси эки жактын эл билермандары баш кошуп, сүйлөшүп, бүтүм чыгарат. Боор кун үчүн түтүнгө бир карадан бермек болот. Чатак ушуну менен аяктайт. Бүгүн биздин уйду талаадан кууп кеткендин мааниси да ошол экен.

Байболот жаңкыдай деп кирип келгенде, Элебес насыбай ийлеп отурган жан аягын кармаган бойдон:

— Эмне дейт, катыгүн?! — деп көзүн чоң ачып, Байболотко тикийип, отурган жеринде катып калды.

Жайды түшүнгөндөн кийин Бурмаке:

— Жалгыз уйга көз арткыча балаңдын күнүн көрбөй кал! Жетимдердин убалы уктатпасын, арамдар! — деп жер-жеберине жетип, каргап-шилеп коё берди. — «Эки дөө кагышса, орто жерде кара чымын кырылат» болуп, тоюп семирген арамдардын кесепети бечара карыптарга тийчү болду...

Бул тууралуу биздин бир тыйынча жазыгыбыз болбосо да:

— Окшошкон салыктар, эми отургула, кудай силерге берди! — деди Жанымжан. Бул сөздү кимге көздөп жибергени белгисиз, айтор жетимдердин баарына орток айтылгандай болуп туюлду.

— Алда караңгүн ай, катыгүн ай. Карап эмне турбадыңар? — деп таяк жеп, алгандан кийин басылып жаткан күчүктөй кыңылдап, Элебес өзүнчө кетти.

Байболот кирип келип, эшиктин алдында турган бойдон жер карап бир топ ойлонгонсуп калды да:

— Атасынын көрү, мен кайсы аялуу кул элем, бу көрөкчө ошолордун колуна барып өлүп берейин,— деп күүлөнүп чыгып кетти. Ал чыгып кетээри менен бир аз туруп:

— «Жатып өлгөнчө атып өл» деп сен да барсаңчы Бейшемби — деп, Элебес туурасынан Бейшембиге бир карап алып, кайра жактырбаган кишиче мойнун буруп кетти.

— Барам. Барбаганда силер эми мында менин кулак-мээмди жебей тынч койгон турасыңарбы? Андан көрө...

Бейшемби уйдун артынан Көлгө чейин кууп кетти. Бирок арадан бир-эки күн өтпөй: «Бейшемби Көлгө барып, уйду талашам деп таяк жеп калыптыр.

Сен кайдан чыккан тентексиң деп жакшылар, бир тобун тукуруп ургузуп коюптур» деген кеп угулуп калды.

— Мына, ээрчиген бир кишиси менен Бейшемби бүгүн өзү да келди. Ал баягы айтылуу Карабай старчын. Дагы эмне балээ менен келди экен?

Уйдун тарыхын айтып бүткөндөн кийин, бир аз туруп Бейшемби:

— Он беш сом чыгым түшүптүр, эми кайдан таап бердик? — деп Элебеске карады.

— Эмне чыгым ботом? Чыгымын кечээ эле бербедик беле? Дагы эмне балээси чыккан!

Бурмаке эч кимдин өңүнө карабай өзүнчө кобурап:

— Айтор жакшылары кургур чыгымдан көз ачырбас болду го. Жетимдерди эптеп, алдап-соолап отурган жалгыз уйду кууп кеткени аз келгенсип, эми эшиктеги жалгыз чолокко көз артып калганбы! — деди.

Төрдө, жаман шырдактын үстүндө отурган чекир көз старчын колунда эрмектеп, сындырып отурган жалгыз тал куурайын отко таштап жиберди да, Бурмакеге жооп берчүүдөй оңтойлонуп келип:

— Ээй, байбиче, журт менен бирге көрүш керек. Журттун ынтымагынан чыгып болобу,— деди салмак менен гана көптү көргөн, эстүү киши болуп.

— «Ынтымак» деп жүрүп да сыйпалып бүттүк. Ырамат, чыгымын улугу бир салса, жакшылары эки эсе кылып отуруп, мындагы элдин аягына да чыкмак болду. Биз эми кайда барып баш калкалайбыз... Кайда барып күн көрөбүз? — деди Бурмаке нааразы көзү менен старчынга жалт-жалт карап алып.

Эртеси, чөп чаап берүүгө чыкса алып берейин деп чыгымдын акчасын издеп, Бейшемби таң заары менен Василийдикине аттанып кетти. Старчын илээшип айдап алды.