Сомбилектин өлүмү
Каңгайлардын шаарында, Анжусу бар, манжу бар, Шибе, солон бу да бар, Кара кытай канча бар, Андай нечен калча бар, Уруусун калган унутуп, Канча-канча барча бар, Моңгул менен манжудан, Андан башка калганы, Башы боолуу калчалар, Айтылбай нечен калган бар, Кошмо журттан чандан бар, Айдап келип моңгулдар, Кулданып алган андайлар. Жандары калбай түгөндү, Эринен жок күмөндүү, Баары өлүп калбады, Айыл башы аксакал, Мындайлардан калганы. Эстүүлөр калбай жоголду, Эл жыйылып, чогулду, Ортого алып баатырды, Тегеректеп олтурду. Сатай деген бар эле, Кеп айтканы шар эле, Ойрот, Буйта бар кезде, Калдайлардын алдында, Кеп айтаары ал эле. Сүйлөсө башы кылтылдап, Катын үндүү кыңкылдап, Токтобой мойну баладай, Ары-бери шылкылдап, Таноосу көөп дердеңдеп, Тамакайы былкылдап, Келгендин баары жалдырап, Сатайына карады. Эли турса карашып. Сатай кайдан айанды: — Жыйылды, баатыр, биздин эл, Сырыңды билбей жанашып, Жылас болду нечендер, Карапайым киши эмес, Калк башкарган белдүүлөр, Азуусун айга жаныган, Мен элемин дегендер, Сүйлөп жаагы талбаган, Кызыл тилдүү чечендер, Ойлобой элге жамандык, Жатуучу эле биздин эр, Калдуубет келип жөн койбой, Унчукпай жатып тим болбой, Калбай хандар жоголду, Кызыл кан кечип бул жерде, Кылымдан ашкан чуу болду, Кыргыз, калмак – эки урук, Уккан элге дуу болду, Чилдей терип кыйратып, Зоболоңуз зор болду, Өзүн-өзү зордошуп, Баатырдын баары жоголду, Баарысынан артылып, Багың, баатыр, чоң болду, Кулак уккан, көз көргөн, Кепти айтпай болобу, Манастан тартып бул кезге, Баш бердирбей эч кимге, Арбагы менен колдоду, Арбагына Манастын, Кудайың жолдош болгону, Абдумалик жаш кудай, Колдобой бизди койгону, Колдобосоң мейли, деп, Эрегишип сиз менен, Кырылып кетсек болобу, Эрегишип кан төкпөй, Өткөн күндү өчтөбөй, Бетиңди бур калыска, Эми бизде дарман жок, Элчилешип барышка, Көрүп турат көзүңүз, Кимиси жарайт намыска? Пейлиңди салып элге айт, Жылында алым алышка. Атагы каңгай бул элде, Адамзатка керектүү, Бар дүнйөсү бар эле, Үй башында жүгүндө, Алтын, күмүш, зар эле, Тоосунда топ-топ сан болуп, Толуп жаткан мал эле, Үй башына чуулдап, Кызыл көтөн жылаңач, Ойноп жаткан бала эле, Далысын түйүп мөкчөйгөн, Кызыл ээк чал эле, Чычкан ооз, бака көз, Ээги түшкөн телпейип, Эпилдеп кыйын айткан сөз, Канча кемпир бар эле, Козголбой жылкы жуушасын, Чочубай балдар уктасын, Улуу-кичүү – баарысы, Бүткүл каңгай тынч алсын, Айдап барсаң колбутуп, Соогат деп элиң олжо алсын. Өзүбүзчө кеңеш кеп, Канган жерин айтайын. Өлгөндөрдү кыдыртып, Айтып-айтпай не керек? Кыргызга берчүү тартууну, Тирүү калган эл берет, Санаты үч миң нар болсун, Теңдегени үстүнө, Экиден жагдан бар болсун, Ком жыгачы сары жез, Арканы жибек кенептен, Бар жарагы шай болсун, Жагданы куру болбойт го, Ичи толгон зар болсун. Жайдак болбой бардык нар, Төө жабуу салып комдонсун, Самсаалатып чачысын, Четине жибек тор болсун, Буйласы калай, жез чынжыр, Кем-керчиси болбосун, Үчтөн төөгө бирден тың, Жүк артарга уул болсун. Адырга батпай жайылган, Эн-тамгадан таанылган, Эн-тамгасы болбосо, Ээси көрүп тааныбас, Элким жүргөн нечен мал, Минилбеген субайдан, Желбес жорго сурунан, Тандап туруп он миңди ал. Эркек койдон кырк миңди, Керикинен, пилден бир, Сиз алычу керк, пилдер, Тандалып чыккан миңден бир. Бере турган тартууну, Мен айтамын бирме-бир, Келинден жүз, уулдан жүз, Сумбаттуу болот, сөөгү түз, Кыз сулуусу жүз болот, Үч жүз болду санаты, Жогоруда айтылган, Алар олжоң мана бу. Төө жетелеп барганда, Баары болот сеники, Баргандар такыр ойлобойт, Кайта мында келишти, Жылында алчу алымдын, Ачык болсун белгиси, Келип алсын жаратып, Кыргыздан мында бир киши. Алыска барсак биз айдап, Айдоодо мал арыктап, Баспай барса шалактап, Кылаарың ушул беле, деп, Турбасын кыргыз эл камап, Ал жерден барып мал таппай, Баргандар калаар каңгырап, Өөдө карап кеп таппай,495 Таманын тиктеп жер карап. Шаарды өзүң башкаргын, Кимди койсоң калдайга, Шаарды ошол башкарсын, Мындан башка калган жок, Эми менин айтаарым. Угуп болуп Сомбилек, Тартууга берчү малдарын, Алтын –күмүш, зарларын, Азбы-көпбү ал дебес. — Жылында берүү алымың, Санатын уккун малыңдын, Он миңден жылкың кемибес, Жылда жүктөп бергиндей, Агар алтын, ак күмүш, Сайдакы таш деги эмес. Нар болбосо, төө болсун, Ургаачысы болбосун, Кары аралап калбасын, Арыгы анда барбасын, Миңден санын кемитпе, Убада кыл беришке, Ортосу алыс, жол чалыш, Кыргыздан киши чыкпайт го, Жылда мында келишке. Анык билгин сен муну, Өзү казак уругу, Айдаркандын тукуму, Медетбектин уул эле, Медеркан деген уул эле, Ал казактан бул жерге, Жылында келет Медеркан, Кыргыз алчу алым деп, Медерканга бергиле. Шаар билгисин саа берем, Улук болдуң сен Сатай, Бир жумуш бар сен кылар, Бачымырак бол, Сатай, Коктукаттын шаарында, Көз каранды аларга, Окмогой менен Чокмогой, Эки агам бар алып кел, Өгөй энем анда бар, Үйүндө жатып калбасын, Аны кошуп алып кел, Башка киши жумшаба, Сатай өзүң барып кел. Узатып үйдөн балдарын, Чыгарып кемпир калганын, Түк билгизбей аларга, Жүктөтүп кел бар малын, Далай күн бирге турабыз, Кеңешип жумуш кылабыз, Коктукатты аа берип, Кошуп барып саа берип, Анан кайда жылабыз. Атабызга баш кошуп, Болгон экен энебиз, Өзү менен көрүшүп, Олжосуна эненин, Коктукатты беребиз, Барамын десе Таласка, Бирге алып кетебиз. Жыйнасын алтын зарыңды, Айдоочу арбын малыңды, Коркконуңбу, чыныңбы, Айабадың барыңды. Элге айтып кебиңди, Жыйнагын де калганды, Үч күндөн кийин чубатып, Жолго салсын бар малды. Койуңду казак эл алат, Жолумдан тосуп турбайбы, Соогат сурап сагаалап, Жылкыңды берем ар кимге, Алдыңкы эрге жүз болот, Жүздөн берип алдына, Таласка жетип болгончо, Түгөнүп жылкың түз болот. Таласка барат төөлөрүң, Бөлүп алсын олжого, Кыргыздан чыккан дөөлөрүм, Алтын менен күмүштү, Казынага төгөмүн, Кызыгышкан ким болсо, Кыйындыгын көрөмүн. Айтып болуп Сомбилек, Сатай ханды узатты, Калгандары чогулуп, Тартуу малын чубатты. Жамандык менен жакшылык, Жер жүзүндө батабы? Ар канча кылса билинбей, Далдаланып жатабы? Уккан казак элинен, Убап-чубап көп барды. Уккан экен кабарын, Укмуштабай чын жайын, Өзү жетип алдында, Медеркандын барганын. Калдалаңдап Мелдеркан: — Сомбилек иним аманбы? Касташкан жоону жеңди, деп, Анык алдым кабарды. Көөнүм тынаар кеп угуп, Өзүңө келбей турамбы? Туугандыгым билдирип, Озунуп айттың саламды, Олжо алам деп келбедим, Каңгайды жеңди дегенде, Сүйүнгөндөн келгемин. Каңгайдын салган кордугу, Караандай кылган зордугу, Хан – карасын билгисиз. Коржоңдогон чоңдугу, Жылында барып казактан, Короосу менен кой алат, Кол сунганы кур калбайт, Жүктөөрүнө төө алат, Жетекке кошуп ат алат, Аз келгенсип ал иши, Сулуу кыз деп чыр салат, Каңгайлык барып кеткинче, Сай-сайда кыздар саңдалат, Эне-атасы аш ичпей, Кантебиз деп зарланат, Бойго жеткен кыз жок, деп, Жанын берип карганат. Жатаарында тай жесе, Нашталыкка кой сой, деп. Конгон үйгө чыр салат, Айла кылып амалдап, Куру калбайт, олжо алат. Ал иштер биздин көңүлдө, Берекет тилеп турабыз, Өзүңүздүн өмүргө. Сомбилек жеңди, деп угуп, Түлөө кылып, мал сойуп, Май кайнады бар үйдө, Эр бүлө баары тынч алып, Баары уйкуда бүл күндө, Атыңды угуп биздин эл, Бек ыраазы күнүндө, Карынын баары ынтызар, Айдай жүзүң көрүүгө, Кут түштү деп калышат.