← Сомбилек 3/4

Чыгыштагы айылдан, Алтай, Баркөл, Турпандан, Бешбалыктын жанынан, Кутубий, Манас шаарынан, Тазбайматтын Майбулак, Баарысына угузат. Иледеки казакты, Текес, Күнөс буларды, Келсин деди аларды. Үчкаркыра, көөрүктүү, Капалда калың көп журтту, Алматыда казакты, Калтырбады быйакты. Атбашы, Нарын, Жетөгүз, Касиеттүү Ысыккөл, Калбай келсин бүтүн эл. Атагы алаш дегенге, Алтымыш уруу көп элге, Арасында алаштын, Канчалап барча жүргөнгө, Таластакы элдердин, Ат күлүгүн ылгатты. Тулпарларын туйлатты, Сынчыларга сындатты, Ээр токумун, кийимин, Окшош кылып ылгатты, Алтындан кылган кемерди, Көз уйалта курчатты, Тандалган кырк үч жигитти, Чар тарапка атказды, Барчуу элге кат жазды: “Келер жылы текеде, Тойго келгин” –деп жазды. Кабарчылар бөлүндү, Айткан жердин баарына, Эл баштыгы жанына, Калтырбастан көрүндү, Келе берсин кабарчы, Алыска кеткен чабарчы, Тойдун камы канчалык, Мундан уккун кабарды. Атагы Талас, чоң Кеңкол, Жетитөр деген жер экен, Жеткилең Манас барында, Жети хандын эли экен, Семетейдин тушунда, Эки хан болгон кеп экен. Сейитектин тушунда, Ээ болгон жалгыз бул журтка, Хандын аты жойулган, Жаңы аты жок койулган, Сейитектен бер жакка, Кең Талас деп айтылган, Кененимдин тушунда, Сейитектин айтканы, Ошол бойдон келайткан. Ак калпак кыргыз ичинде, Алты сан аргын эли, деп, Кең Таласты жердеген, Келберсиген элди айткан, Эсепке алып Сомбилек, Эл байларын санаткан, Эң алдыңкы байлары, Үч жүздөн кулун байлашкан, Айагы кырктан бээлүүдөн, Эсепке алып санаткан, Отуз миңге жакындап, Толуп байлар бараткан. — Азыркы жай, келер кыш, Мал багып байлар барбагын, Кеңколдун башы Жетитөр, Суусамырдын Тескейге, Үйүң конуп калбагын, Үстү жагы чоң Кемин, Артуусу Барскоон белдерин, Орто жерин бир жылы, Жердебегин жебегин, Алты сан аргын кам кылгын, Бар керегиң жам кылгын, Байлар, укпай калбагын. Отуз миң болду санаатың, Капакка салып бал алгын, Каймакка бышкан нан алгын, Субайын бөлүп ылгагын, Келерки жылы текеде, Суусамыр барып жай алгын. Гүлгүлдөн баарын жыйнаткын, Күлүктүн баарын байлаткын. Той беремин угуп кой. Тойумдун аты чочок той, Төрт жашка бала толгунча, Койуптурсун, ат койбой. Тойун берип ат койом, Себеби менин бул тойдон, Таанылып элге мен койом. Казан асып, кар салгын, Отун алып, от жаккан, Тулганын боору карарган, Үй башына бирден бээ, Камдап жүргүн баары адам. Отуз миң бай конокко, Келген элдер топ болуп, Үй башы сайын конот го, Отуз бээси туугандар, Түзүктөн конок кыла албай, Уйат кылып койот го. Көөкөрү менен сабаасын, Байлар жакшы кылдасын, Саамал берип кымызды, Келгендер шылдың кылбасын, Кыйыгы чыкса кем-керчиң, Каралөктүн Сомбилек, Жаныңды кыйып тынбасын. Кой арыгын сойбосун, Келечегин ойлосун, Бар керегиң жам болуп, Камсыз конок болбосун! Айтып элге угузуп, Бир жылы толук кам кылып, Күлгүндөрүн бүктөтүп, Күлүктөрүн байлатып, Жакындап калды күз, дешип, Жетитөр өрдөп эл көчтү, Суусамырды көздөшүп, Отуз миң байдын үйлөрү, Орду менен конду эми, Калган кыргыз үйлөрү, Бөксөлөй тартып конду эми, Алыскы жерге кетпеди, Ат жетер жерди чектеди, Айтып койуп калган жок, Сомбилектин кептери, Ай аркандап, күн санап, Чакырган элдин жеткени. Жедигерден топ келди, Жер майышып көп келди. Алты шаар, Анжыдан, Арасы чукул Алтайдан, Айанбастан көп барган, Үркөнч менен Бадакшан, Балык менен Түркмөндөн, Барган мындан канча адам. Төтөгө мырза элинен, Түтүнгө барган бирден жан, Той берет экен жээнге, Алган конок жээрге, деп, Алтымыш миң субайды, Ылгап туруп кошо алган, Келген элдин коногун, Мен көтөрөм, деп барган. Эр Көкчөнүн Медеркан, Алтай, Иле, Кулжадан, Алтымыш миң көп казак, Аттаныптыр булардан. Соога кылчуу баатырга, Айдаган жылкы элүү миң, Аркасынан чубаткан. Элүү миң киши баруучу, Бирден жылкы алыптыр, Он миң киши ат багар, Ошолор малсыз барыптыр. Суусамырдын чоң тескей, Жер карарып толуптур, Эл жыйылып болуптур, Алтыга санын жеткирбей, Алдыңкы катар үйлөргө, Бештен бөлүп койуптур, Беш кишиге бирден бээ, Көбөйгөн малы мынча нээ! Бадакшандык, балыктык, Жылкынын этин жебеген, Кымызды ичип көрбөгөн, Алты шаар, Анжыдан, Булардан жакын көрбөгөн, Ташкен менен Самаркан, Бөлүнүп чыкты арадан. Жайынча башка күтүндү, Төрт тиштүү койдон ылгатып, Эркегине сойдурду, Беш кишиге бирден кой, Эт тартырып койдурду. Татар менен калчанын, Уйдүн этин көп жеген, Ал өңдөнгөн канчанын, Сыйырдан сойуп ылгатып, Сыртынан уча чыгартып, Үй башына бирине, Колуна уча карматып, Жай-жайы менен конокту, Мына мындай жайлашып, Он беш күн конок алыптыр, Эл жыргады жай жатып, Кылга байлап жамбы атып, Эр сайышып олжо алып, Эр күрөшү оодарыш, Аны кошо алпаарып, Жамбыны атты кыргыздар, Сайышта жеңди казактар, Оодарыш менен балбандар, Төтөгө мырза эл алган, Илинген жок байгеге, Ырааккы жерден барган жан. Ат чубады аңгыча, Аттын саны сегиз миң, Сексен ат өлүп кетиптир, Кондурчуу жерге барганча, Ара конуп ат айдап, Сомбилек баатыр өзү айдап, Аттын баарын катуу айдап, Жануптан келген элдерден, Өлүп кетти аргымак. Байгеге чапкан аттары, Эки күн өргүп жатканы, Жеткенине келгенче, Жети күн өтүп кетиптир, Ылганган күлүк чапкан ат, Ошол күнү жетиптир. Баш байгеси миң болгон, Баары жылкы бар болгон, Окшош жашы, өңү окшош, Кай экени билинбейт, Карап көрсөң баары окшош, Оонабасы жүз болду, Ат чапкан жер баатырдын, Канчоро жалгыз бейиттин, Куу какыры түз болду, Той тартуусу коноктун, Күндөн-күнгө күч болду. Чапкан ат тууга жетиптир, Кыргыз байбек сур аты, Баары аттан чыгып кетиптир, Карап турса көпчүлүк, Сандаган күлүк, сай кашка, Көрүнбөйт көзгө башка мал, Байгеге аты кирген жок, Кыргызыңдан башкадан. Келген калды чуулдашып: “Кыргыздын эли канткенде, Күлүктү мындай кылдаган!” Эл аттанып кеткени, Конок алган көп аргын, Козголо элек кездери, Кычыртып келди Сомбилек, Кеп билемин дегенди, Карылар өлсө мен бармын, Эл билемин дегенди, Тынымкандын ордого, Чогултуп келип киргизди, Үч жүз элүү киши экен, Ошол үйгө киришти. Тар келбеди ордосу, Коноктон ашкан шекер бал, Тамакты тартып койушту, Алдырып келип кымыздан, Арактан кошо куйушту, Жаш уландар сунушту, Элине айтты Сомбилек, Баланын атын койушту. Жаңы өспүрүм бала эле, Малдыбек деген болучу, Баланын аты Малдыбек, Жыйырма беш ашып кетелек, Анткен менен Малдыбек, Далай укмуш кеп билет. Кайда кыргыз топ болсо, Карылар издеп таптырчуу, Малдыбекти келгин, деп, Оройу кары Малдыбек, Өзү кичүү болсо да. Укмуштуунун бири, деп, Ат койгун деп балага, Баатырың айтты Сомбилек. Аксакалдуу карысы, Орто жашта баарысы, Аа деп оозун ача албай, Апкаарыды баарысы. Кылыгын билген кыргыздар, Малдыбекти карашты, Карматты бейм Малдыбек, Сүйлөп көнгөн адатты: — Ушул жерде отурган, Аксакалдуу чалы бар, Айыл башчы дагы бар, Баатырдын айткан кебине, Такалып баарың калдыңар, Көп сүйлөйт деп Малдыбек, Күдүңдөшүп калбаңар, Узунбу, кыска сөзүмдү, Мен айтайын тыңшаңар, Кыйгачыбы, түзүбү, Кыйынсың баарың сындаңар. Айрыкча, баатыр Сомбилек, Айткан кепке кулак сал. Кийин туулуп мен калдым, Уламадан уккамын, Мурункуга кийинки, Уккандарым уладым, Укмуштуудан сурадым, Көбүнчө айтат биздин эл, Көкжал Манас туулганын, Которуп атын койгонун, Айтканындай болгонун, Атадан мурас бизге, деп, Акылдуулар ойлосун, Жетим менен жесирлик, Карып менен бакырлык, Хан Семей аба, Каныкей, Экөөнүн бери карата, Тартып келе жатабыз, Ороздудан бер жакка, Он уулдан элди таратып, Айтып келе жатабыз.