← Сомбилек 4/4

Ар уруу кыргыз эл болгон, Ынтымак-дөөлөт бир тууган, Чогултуп экөөн ортого, Өз тушунда ээ болгон, Кээ-кээсине кыргызга, Кылган иши кээ болгон, Кең дүйнөсү тар болгон, Башкарчуулар кар болгон, Баатырдын укум-тукуму, Баш көтөрсө зал болгон. Сейит баатыр өлгөндө, Эр Төштүктүн эбире, Өлүгүн уулдун көргөнгө, Айтып кабар бергенге, Эл чогулуп келгенде, Чайкалып кыргыз толгондо, Узатаар маал болгондо, Чыкпаган экен эшикке, Эр Кененим болжолдо. “Балам үчүн кейисем, Башкага кетет намысым, Кайратты колдон бербейин, Бактысы болсо кыргыздын”. Болжогон кийин арт жагын, Болжолдуулар айтканын. Кылжыке бооз болуптур, Бойуна бала бүткөндөн, Аш ичпей жатып алыптыр, Былк этпей жатып Кылжыке, Оройу учуп калыптыр, Кемпирине Кененим: “Эмне болду келиним, Кабарым сурап бергиниң.” Чыныке барып келинге: “Эриң өлгөн жалганда, Жалгыз жеке сен белең? Жаткан жерден коппойсуң, Жалдырап жерди тийтейсин, Кейпиң кетип оңупсуң, Керсары тартып болупсуң, Күйүттөн башка дагы бир, Айтып берчи кайгыңды. Алган катын сен эмес, Кененим менен Чыныке, Сейитимден айрылган!” Катуу айтып сураптыр, Кылжыке карап турбаптыр: “Өлсө уулуң сеники, Эрим болсо меники, Жайымды сурап билгели, Энекебай келдиңби? Ичейин десем аш барбайт, Кулакка жагып сөз барбайт, Азуулуудан жолборстун, Жүрөк этин дегдеймин, Асманда жүргөн зумурук, Жумурткасын дегенде, Түн уйкумдан, күн тыным, Ойумдан чыгып кетпеймин.” Кылжыке кебин угуптур, Кененимге Чыныке, Кебин айтып туруптур: “Мен келинге барып кеп айттым, Аста айтпай, бек айттым, Ачуум келип, жеме айттым, Көрдү менин түрүмдү, Байкуш келин бүгүлдү, Азуулуу жолборс жүрөгү, Жумурткасы чоң куштун, Түн түшүмдөн кетпейт, дейт, Күн өңүмдөн кетпейт, дейт, Кебин айтып бергени.” Угуп болуп Кененим: “Ээ көк кемпир Чыныке, Келиниң бооз болгон бейм, Талгак окшойт айтышың, Аракет кылып көрөйүн, Ал айтканын табыштын”. Кененимдин колунда, Бар нерсенин баары бар, Калбайт ага табылбайт, Чоңкуш менен дос экен, Белгисин берип жүрчү экен, Айтканындай кылганда, Капкайдан болсо келчү экен, Экөө эмес, бирөө эмес, Ал жолборстун жүрөгү, Сандыгында жүрчү экен. Жумурткасын чоң куштун, Дегдеген жүрөк жолборстун, Экөөн тең барып колуна, Чыныкеге Кененим: “Келинге барып жолгошкун, Мурун жолборс деп айтса, Кийин десе жумуртка, Мен айтайын Чыныке, Жашырбайын келинге, Баргынчакты унутпа, Эгиз эркек тууйт экен, Карыганда Кененим, Курчанып белин бууйт экен, Мурун жерге түшкөнү, Өмүрү кыска шекилдүү, Жолборс азиз азуулуу, Өмүрү кыска жандар бу, Асманда куш канаттуу, Өмүрү узун мына бу, Кийинкиси уулумдун, Өмүрү узун болот бейм, Аз болгондо жер бетин, Бир айланып койот бейм”. Кобуратып айтпаптыр, Кененимдин айтканы, Башка жакка кайтпаптыр, Айы кетип күн өтүп, Туур күнү Кылжыке, Жок экен үйдө Кененим, Шашыкеде бир уулду, Түштөн кийин бир уулду, Төрөгөн экен Кылжыке. Төрөдү эгиз эркек, деп, Айтып келди Чыныке, Алдыңкы түшкөн баланын, Айдары алтын ак экен, Эркек тууса Кылжыке, Сомбилек атын койом, деп, Ак эткенде так этип, Кененим жүргөн чак экен. Эгиз эркек төрөйт, деп, Өзү айткан кеп үчүн, Биринин атын Чигитей, Койомун деп жүрчү экен. Мурунку түшкөн баланы, Оң койнуна салыптыр, Кийинки түшкөн баланы, Сол койнуна салыптыр, Сүйүнгөндөн Кененим, Койом деп жүргөн аттары, Унутулуп калыптыр. Он койнунда баланы, Асыл балам деп айтты, Сол койнунда баланы, Бу Бек балам деп айтты, Ар канча мыкты болсо да, Карганда көргөн урпакка, Акылынан азыптыр, Асылбача – Бекбача, Ошол атка жатыптыр. “Оозумдан чыгып кетти, — деп, Өзгөчө болду аттары, Болгону болду белейин” – деп, Асылбача – Бекбача, Айтылып калган экен деп, Ошол айткан кептерди, Карылардан эл билет, Кененимдин кеби, деп, Сен туулганда атыңды, Койгон экен Сомбилек, Улууңдун атын Чигитей, Койсок, баатыр канетет? Уламадан укмуштан, Укканым менин ушул, — дейт, Малдыбек айтты укмуш кеп. Малдыбек жакшы айтты, деп, Кары-жаш баары дүркүрөп. — Алдыңдакы балаңыз, Калган кыргыз маанабыз, Бешке чыкты, той бердик, Ат жетер жерде калбастан, Жыйналып алаш эл келдик, Ак калпак кыргыз билгисин, Өзүңүзгө бергенбиз. Уламалап укканын, Ооздон-оозго чыкканын, Малдыбек айтты чунагың. Айттып кебин болуптур, Бийлик толду алдына, Сомбилек алып койуптур, Алты сан уруу аргындын, Малдыбек бийи болуптур, Кыйалда иши бүт болуп, Көңүлдө иши толуптур. Күз айланып, кыш келип, Келиптир, кайра жаз жетип, Бир күнү туруп Сомбилек, Өзүнчө тердеп шай кетип: “Талыкшып бойум калыпмын, Үч жылдан бери карата, Козголбой жатып былк этип.” Байлоодон алып аргымак, Жоо кийимин жамынат: “Атамдан калган кең Талас, Бир айланып көрөйүн, Жетим болуп башында, Жоого аттанып жашымда, Жеримди толук көрбөдүм.” Атка минип алыптыр, Коргондон чыгып аттанып, Жанупту көздөй барыптыр. Карабуура,Чаткалдан, Айагы куйуш Самаркан, Күн чыгыш көздөй толгонуп, Сол колуна айланган, Ташкен менен Наманген, Анжыдан менен Маргалаң, Атактуу залкар Кебезтоо, Бөксөлөп баарын айланган. Атбашы үстү кең Аксай, Жетөгүз башы Жаңыжер, Ушунча баскан көп талаа, Таласка карайт баары жер, Шымалды көздөй толгонду, Иленин чыкты кырына, Мундан нары казак, деп, Кайра тарткан болжолу, Терс айланып жол алып, Күн батыш менен айланып, Үчкошойдун бөксөгө, Кеңколдун күнгөй бетинде, Кетпей түнөп калыптыр. Эртеси түшкө күтпөстөн, Ат чалдырып жер көрүп, Козголбой жатып алыптыр. Алладан тагдыр жеткенде, Кимдер качып кутулат? Өлүм жаккы тарабы, Жарык болот дечү эле, Калбуудет айткан сегизи, Качандан бери Таласка, Ар кайда тарап жүрдү эле, Чогулуп келип кээ кээде, Кеңеш кылып алчү эле, Кеңешке келген сегизи, Кең экен жердин тегизи, Мурунку күнү алдыда, Сегизи мында келиши, Кетпей жата бериши. Күн төбөдөн кыйшайып, Эңкейип бара жатканда, Заркарлуу баатыр чоң неме, Салкын сууга барыптыр, Салып бойун алыптыр, Кайра чыгып шиберге, Чалкалап жатып калыптыр, Ажал жетти, күн бүттү, Мейримдүү үйку жетти эми, Мемиреп сүйкүм жагымдуу, Мелтиреп уктап кетти эми. Уктады баатыр мелтиреп, Топтошуп калган сегизи, Ошол жерге темтиреп: “Ойлогон ой, санаага, Ушул бүгүн жеттик, — деп, Сомбилекти өлтүрүп, Соолуп калган кыргызды, Көчүрүп алып кеттик” – деп, Кеңеш кылды бир далай, Бирөө беттеп бара албай: — Тең баралы баарыбыз, Баарыңар найза алыңыз, Тегеректеп кыргызга, Бооруна найза салыңыз! Убада кылып алышты, Тегеректеп чогулуп, Уктаган эрге барышты. Каштарын керип серпишти, Катар баары келишти, Төрттөн эки бөлөндү, Найзаны кармап көтөрүп, Акыректен табарсык, Орто жерин белгилеп, Муштап карап турушту, Кызыл канга найзаны, Чыктап кармаш турушту, Тартып албай найзаны, Мыктап кармап турушту. Чочугансып ошондо, Ойгонуп кетти көз ачып, Ачып көзүн ирмесе, Сегиз найза көөдөндө, Сегизи турган карашып, Баатырың бутун тартыптыр, Серпип колун артыптыр, Оодарылса тосо албай, Коборбой сайып тура албай, Коркуп баары качыптыр. Кайраты толуп эр неме, Аккан канды билбеди, Жараны көзгө илбеди, Сегизин кармап чогултуп, Жатарың ушул жер! — деди, Бирден муштап жан алып, Суу жеген жер кемерге, Баарысын тыгып жеберди, Жарасы жаман экенин, Ошондо ойлоп билгени, Аргымак кармап токунду, Асталап жүрүп олтурду, Түк кишиге көрүнбөй, Үйүнө түндө барыптыр, Алда каткан Тынымкан, Каңгара какшап кан жутуп, Жарааттын баарын таңыптыр. Таңганына болобу, Сегиз найза баарысы, Учу ууга малынуу, Бүткүл бойго тарады, Асманда жылдыз, жерде чөп, Бирден бирден саналды, Чымындай жалгыз кара жан, Кантип мындан жай алды, Барган сайын күн өтүп, Чучуктан бери тарады, Алтынчы күнү кечке жуук, Жарык дүйнө жалганда, Турар шайы калбады, Оозунан түтүн бур этип, Көкүрөгү кыр этип, Катын-бала, эл-журту, Баарысы калды чур этип. Муну мундай таштайлы, Кепте кепке аштайлы, Эми айтчуу дастанды, Манастын соңгу урпагы, Чигитейден баштайлы.