Калдуубеттин кастыгы
Кылычы жок чабарга, Балтасы жок аларга, Найзасы жок сайарга, Куру кол болгон Сомбилек, Жаракты көрүп элжиреп, Эңкейип колун сунуптур, Ойроттун кылыч балтасын, Өлчөмдүү болот найзасын, Олжого алып тунуптур. Найзаны илди ээрине, Балтаны байлап белине, Жанбай турган мүнөзү, Жаман келди пейлине, Кылычын сууруп кынынан, Кылчаңдап калаар жери жок, Каңгайлыктын чырынан. Кыйкырыгы таш жарып, Таштан ашып баш жарып, Кыргыздын уулу Сомбилек, Манас деп ураан үн салып, Качырып тийди кырынан, Каптап келген аскерден, Кутулган жок тирүү жан. Аралап кирген жеринде, Беш уруктун элинде, Аламан келген аскерди, Астын-үстүн түшүрдү, Ана-мына дегинче, Далайдын ишин бүтүрдү. Кыйрынан келген немесин, Кырк-элүүдөн сулатып, Кырып кетип баратат, Ат үстүнөн кулатып, Көлдөлөң күзгү койго окшош, Кочуратып жуушатып. Кылычты шилтеп тартканда, Тобу менен далайын, Чөптөн бетер чапканда, Кызыл кан суудай шар агып, Эки айлап үч кирип, Кийинкисин күч кирип, Имерилип өткөндө, Балталуу жаткан баш тартпай, Найзакер жаткан ар кандай, Кылычын кармап колуна, Кыйшайып жаткан эл кандай, Кызыганда чубурган, Кызыл кан аккан сел кандай, Кызыгышкан мындайда, Бок сасыган майданда, Кызмат кылган эр кандай. Азууларын аркайтып, Ат өлүгү ар тоодой, Муруттарын шыпыйтып, Эр өлүгү бир тоодой. Колу сынып кокуйлап, Чолойгону дагы бар, Камчы тийип көзүнө, Олойгону дагы бар, Башын кесип мойнунан, Соройгону дагы бар, Тилин салып акактап, Суусаганы дагы бар, Эчтемени биле албай, Ачып көзүн жума албай, Айтып арман кылалбай, Жуушаганы дагы бар, Өмүрлүк канбас уйкуга, Уктаганы дагы бар, Найза тийип этине, Жаны чыкпай эмгиче, Кыйналганы дагы бар. Эгерим эки болбо, деп, Каңгайдын ханы оңбо, деп, Ыйлаганы дагы бар, Буту сынып аксаган, Сөөгү ооруп какшаган, Мындайлары дагы бар. Алтындан кемер курчанган, Көргөн адам таң калган, Хан баласы дагы бар, Кош болуп колдо малына, Коржодоп коңшу малайга, Коркутуп жүргөн аларды, Бай баласы дагы бар, “Ата энем калды көмүлбөй, Балдарымды бир көрбөй, Алганым калды көрүлбөй, Арман менен жан үзбөй”, Деп наалыган дагы бар, Бир атадан беш элек, Бирибиз калбай өлдүк, деп, Хандардын салган кордугун, Каңгайдын эли көрдүк, деп, Какшаганы дагы бар, Балдак кылып найзасын, Аксаганы дагы бар. Жаны менен кээри жок, Ооздо айткан кеби шок, Ким урунат дебестен, Дүйнөм бар деп көөнү ток, Ач көздөн өлдү далай топ. Зулумдан өлдү канчасы, Кой оозунан чөп албас, Момундан өлдү канчасы, Букара өлдү канчасы, Зордук менен буйрукка, Айдалып келген барчасы, Каңгай, манжу шибенин, Кара кытай, солондун, Калкынан өлдү канча миң, Тынч элди айдап кырдырган, Беш уруктун чоңдору, Улук болбой жерге кир! Эли калып эр өлбөй, Жери калып эл өлбөй, Экөө бирдей тең өлгөн, Бул өңдөнгөн жумушту, Мындан мурун ким көргөн? Өчүгүшүп кыргызга, Ата-бала тең өлгөн, Ага-ини бир өлгөн, Өтө жайыл көгөргөн, Каңгайдай элди ким көргөн? Эми калган немеси, Эч айласын таба албай, Чубуруп кайра жөнөгөн, Каңгайлар турду чуулдашып, Сомбилектин карааны, Буларга ажал сүр басып, Калдуубет тоссо ээ бербей, Шаарын көздөй чубашып. Калдуубет көрүп Сомбилек, Андындакы кара атты, Камчыга бөлөп чуратып, Кездемдин боосун чубалтып, Кез керип найза чунайтып, Качырып баатыр кириптир, Кайтар кылып Калдуубет, Качпай бу да келиптир, Беттешип калды ал экөө, Көргөнгө сонун бөлөккө, Мындай далай сайышта, Сыр алышкан аныктыр, Буда кудай буйругу, Күчтүү бала Сомбилек, Жаза сайып салыптыр. Бир сайганды көтөрүп, Сайдырбай бирди өткөрүп, Мен дагы сенден кемби? деп, Калдуубет кирди өчөшүп, Маңдайлашып бет келди, Сайдырбастан найзасын, Чаптырбастан балтасын, Кагыша турган кез келди. Күүгүмгө чейин беттешип, Бирин-бири тиктешип, Өлөр жерин чиктешип, Күч ортосун чектешип, Сайып алып кетпеди. Жылдыз чыкты, күн кирди, Калкына кетти Калдуубет, Кайра тартты Сомбилек, Турган экен тайгандар, Баатыр келсе жесин, деп, Бир кулжаны белеңдеп. Келсе кулжа тирүү бар, Ак көңүл туулган арстанды, Ак көңүлүн билип ал. Кулжанын бойун байкаса, Жарадар болгон жери жок, Бирөө тиштеп алкымдан, Айткан кептин кеми жок, Бирөө айдап артынан, Алып келген чагы бар. “Калдуубет канын ичпесем, Мага арам эмеспи, Кулжанын этин мен жесем!” Койо берди кулжаны, Кубанчы кылып этти жеп, Курсакка көңүл бурбады. Ээрин алды тулпардын, “Катырып этин суутайын” Айырмач кайкы белеске, Алып барды кара атты. Салкынга салып ат суутмак, Байыркынын адаты, Окмогой менен Чокмогой, Келип калды карачы, Арам санаа иттердин, Айткан кеби мына бу: — Ышкын терип, чөптү жеп, Биз жүрөбүз сени деп, Кайнаган канча миң элден, Аман келдиң болду, — деп. Сен келгенче бул жерге, Кең дүйнө бизге тар болуп, Көчүгүбүз бөлкүлдөп, Кышкы кирген буурадай. Бүткөн бой турду сүлкүлдөп, Кош көрүнөт коркконго, Жер айрылып дүңкүлдөп. Кара бойду тер басып, Тамандан үркүп дүркүрөп, Караан калгыр токтобой, Сийдик агып бүркүрөп, Асмандан жамгыр жаагызып, Күн чагылып күркүрөп, Ышкырып жылан жаткансып, Кулак тунуп чуркурап, Жазайыл мылтык аткансып, Дир-дир этип токтобой, Силкинген жерге окшобой, Сен келгенче көп укмуш, Болуп турду ошондой. Жасалма кебин алышты, Уйалып өңү бозорбой. Сыр алдырбай Сомбилек, Көңүлүм ток меники, Өлүп кетсем күн бүтүп, Бул элде эки тууган бар, Көмүүчүм бар менин деп, Силерди турат кыр-кырда, Көмөлөнсөм көрөөр деп, Кажыбай, качпай жүрүшүм, Мындан башка кеп эмес, Кара нээт эки акмак: “Ойротту сайды Сомбилек, Калдуубет алы канча деп, Аз калды бизге жакшылык, Калдуубетти Сомбилек, Эми эле сайат жапшырып, Атабыз минген алтын так, Бизге берет тапшырып” Дегенди алып ойуна, Арам сийдик эки айбан, Калп эле күлүп ыржактап, Сойгон түлкү ооздонуп, Тиштери чыгат ырсактап, Мойундары токтобой, Жоор жылкыдай кыйшактап, Жасап айтып жалганды, Куйругун булгап шыйпактап, Кайра чапты жарышып, Этектери далбактап, Үзөңгү боосу үч кулач, Төрт буту барат салпактап, Кетилген жыгач табактай, Таноолору барбактап, Акыл уурдап, из чалып, Аңдып күтүп жүргөнүн, Абдан билди Сомбилек, Күн-түнү кетпей күзөтүп, Кимиси күчтүү, ким күчсүз, Аңкаарып туруп өтсөк, деп, Ойлогонун алардын, Анык билди Сомбилек, Кайра тартып чапканда, Узап бара жатканда, Качырмак тайган болду эле, Обдулуп калган тайганды, Сомбилек кой деп койду эле, Сомбилек тосуп койбосо, Тайгандар тирүү койобу, Эси коркок жамандар, Тайгандарча болобу, Үзөнгү боого жетпейби, Минген байтал тыртактап, Багалектен тартканда, Томолонуп кетпейби, Тайгандар азуу салбайбы, Чарбысынан жарбайбы, Чалкасынан салбайбы, Чаар ичеги жайылып, Талаада жатып калбайбы, Түтүндө жатты таң атты, Күн кызарып келатты, Атырдан бекер аңкыган, Адырдын түрдүү гүлдөрүн, Салкын жел айдап таратты, Ак карлуу тоонун абасы, Аңкыган жытын карачы, Арстан Манас урпагы, Токунуп минип кара атты, Жай-жайына байлады, Олжого алган жаракты, Эсине алды Таласты, Атасы айкөл Манасты, Ойуна алды балапан, Ак калпак кыргыз алашты, Каар бетине айланды, Кара бойун Сомбилек, Сан кишиге баалады, Кер сары тартып кубарды, Кейиштен өңү кубарды, Кекенген жоосун эске алып, Кейип баатыр муңайды: “Артынан түшүп күн сактап, Мен жүрөмбү буларды, Азабым болсо көрөйүн, Ажалым жетсе өлөйүн, Калдуубет менен беттешип, Качырышып көрөйүн, Качып кетсе калжактап, Кайрат кылып туралбай.